Нарын районунун Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов менен келечектеги жана учурдагы иштери туурасында маек кылдык.
Айыл башчы болуп кызматыңызга киргенден баштап, кандай иштер аткарылды?
-Айыл башчы болгонума бир жарым жылдын жүзү болду. Айылдагы орчундуу маселенин бири арыкка келчү суу болчу. Өнүктүрүү банкынан 100 000 миң сом утуп алдык. Ал эми элден 40 000 миң сом чогултуп Көк-Жар менен Учкундун башына дамба курдук, 140 000 миң сомдук. Согуш ардагерлерине деп Данияр Коомбаев агабыз демөөрчү болуп, 500 000 миң сом акча каражатына эстелик ачтык. Азыр болсо АРИС программасы менен иштешип, айылга мал эмдөөчү раскол салып атабыз. Кудай буюрса 15 күндүн ичинде ачылышын беребиз. Мектептеги жылытуу системасы начар болуп, проектинин негизинде акча утуп алып сентябрь айына чейин мектептин жылуулук системасын салабыз.
Айылдагы маселенин көптүгүнөн, кээде аларды чечүү жолу чыкпай калганда өзүңүзгө болгон ишенимди жоготуп койгон учурларыңыз болдубу?
-Кээде өзүң бушайман болосуң, маселелер чечилбей калса. Андай учурлар өтө деле көп болбойт. Көп эле маселе бар, чечкенге аракет кылабыз. Үмүтсүз шайтан, дейт эмеспи.
Кызматыңыздын оң жана терс жактарын айта кетсеңиз?
-Оң жагы бир жакшы жумуштарды баштап, бүтүрүп алсаң кадимкидей жеңилдеп, өзүңө ыраазы болуп сүйүнөсүң. Ал эми жаман жактары үйү кирип кетсе деле, үйүн суу каптап атса деле, бирөө таштанды ыргытса деле баары эле келе берет да. Ошол жактары бар. Бизде таң атпай деле түндөсү деле эл келе берет.
Айыл башчы болгонго чейин өзүңүзгө эң биринчи кандай максат койгонуңуз эсиңиздеби жана ошол максатыңызга жеттиңизби?
-Ооба, биринчи эле койгон максатым таза суу болчу. Максатыбызга жеттик. Өткөн күнү суу боюнча проектибиз өтүптүр. Нарын районунда суу боюнча өткөн 15 айыл бар экенбиз. Анан 2020- жылга чейин буюрса бүтөт.
Аткарган кызматыныз, өзүнүздү канчалык деңгээлде канааттандырат деп ойлойсуз?
-Оор суроо экен. Дагы маселелер көп, толук жетише алган жокпуз. Жарым жартылай десем болот болуш керек.
Биздин айылдагы эң орчундуу маселелерден санап кетсениз?
-Эң негизги көйгөй эле таза суу болуп атат. Андан кийинкиси айылдын тазалыгы. Жана малдарды эмдөөбүз начар болуп атат. Кээ бири эмдетпей да коюп атат.
Ал маселелерди чечүүгө кандай аракеттер көрүлдү жана жыйынтыгы кандай болуп атат?
-Таштандыны кыштатан бери тазалап, төккөндөргө үйүнө чейин барып эскертип, штраф салып, астын сүрөткө чейин тартып атабыз. Таштандыны көчөнүн боюна төгүшчү, алар токтолуп эле калды.
Эми алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсениз?
-Күзгө чейин мектептин жылуулук системасын бүтүрүү. Айылдын уставын бекитип алсак деп атабыз. Анан айылдын өйдө жагындагы тоок сарайга көпүрө салып алсак деп турабыз.
Даярдаган: Жанара Баялиева
Жайкы мектепке катышуу үчүн