Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебине 2014-2015-жылдары 140 жылыткыч келип, алардын 60 ка жакыны жарактан чыккан. Класстар суук болгондуктан окуучулар кийимчен отурушчу. Долбоордон 1 миллион сомго ээ болушуп, сентябрь айына чейин жылытуучу система коюлат.
Долбоор боюнча айыл башчы Жумакадыр Исмаилов өз сөзүн айтты:
«Бул долбоор 2017-жыл бүтүп атканда жазылган. Буга Касымакун Мамырбаев, Бакыт Кайыпов чуркаган болчу. 1 миллион акча каражатын утуп алдык. Негизи жылуулук системасын коюуга 1, 5 000 000 каражат керектелет. Айылдагы 400 түтүнгө 300сомдон бөлүп, жүз миң сом тургундардан, ал эми 400 000 мини жергиликтүү бюджеттен бөлүндү».
11-классынын окуучусу Айдай Капарованын айтуусунда жылыткычтарды окуучулар ойноп тээп кетип, колунан түшүрүп алганынан ого бетер эскилиги жеткен жылыткычтар жарактан чыкты:
«Кээде жылыткычтар токко сайылбай, иштебей калган күндөр болот, ошондо курткаларыбызды чечпей отурабыз. Менин оюм боюнча быйыл жылыткычтар жетишсиз болуп калды. Ошол эскилиги жеткен жылыткычтарды балдар ойноп баратып түшүрүп , тээп, кулатып алышат ушундан улам да эскилиги жетип калат».
Эшбай Токсобаев мектебинин чарба иштери боюнча директордун орун басары Рысбек Мүдүнөв жылыткычтар туурасында маалымат берди:
«Жылыткычтар 2014-1015-жылдары мектепке келип түшкөн. Болжолдуу 140 тын тегерегинде жылыткычтар келген. Учурда жылыткычтардын абалы өтө эле начар, четинен керектен чыга баштады. Булар убактылуу болгондуктан сапатсыз болуп, жылдан-жылга сапаты кетип баратат. Азыр 60 ка жакыны иштен чыгып, калгандары турат. Бирок аларга да кепилдик берүүгө болбойт. Гарантиясы 4 жыл болчу, бирок ага жеткен жок. Окуучулардан да, өзүнүнүн сапатынан да кетип атат. Жөн турган жылыткычтарды ары бери жылдырышып, ар кандай себептери бар да булардын бузулуусуна. Иштеп жаткан жылыткычтарды эксперттик комиссиябыз бар, ошолор менен топтолуп баарын санап, атайын бир складка жыйнайбыз».
Мектептин бүтүрүүчүсү Айдай Темирбекова:
«Класстарыбыз суук болуп, кийимдерибизди кийип алып сабак өткөн учурлар көп эле болгон. Класстардын кээ бири суук эле болду. Жылыткычтардын эскилиги да жетип, ар ким ар кандай пайдаланды. Буюрса, жылуулук системасы салынып, сабак дагы көңүлдүү, класстар да жылуу болот».
Жылытуучу системаны август айынын ортолорунда кое башташат. Буга чейин окуучулар кээ бир суук класстарда кийимчен олтуруп сабак өтүшсө, эми бардык бөлмөлөрдө жылуулук болот.
Даярдаган: Жанара Баялиева
Жайкы мектепке катышуү үчүн