Кочкор районунун Чолпон айылында интернет чубалгылары туташтырылууда.
Санариптештирүү иши активдүү жүрүп жатканына байланыштуу интернет байлынышын да жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Алыскы аймактарды интернетке кошуу, туташтыруу максатында бир канча долбоорлор ишке ашууда. Интернет ылдамдыгы күндөн-күнгө жакшырып баратканы байкалууда.
Туратбек Болотов учурда зымдарды тартуу иштери менен алектенүүдө. Ал төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Кочкор районунда «Digital CASA-Кр» проектиси боюнча интернет кабелдерин тартып жатабыз. Чубалгылар райондун соц объектилеринин мектептерине жана фабтарына, айыл өкмөттөрүнө киргизилип, эл керектөөсүн камсыз кылууда. Бул интернет элге, жаштарга ошондой эле келечек муундарга жакшы пайда көрсөтөт. Эми интернет алыскы аймактарга жеткирилип жана мыкты деңгээлде иштейт. Интернет чубалгыларын тартуу иштери 6-апрелде башталып, 31-майда бүтөт. Бизден башка 3-4 бригада ар кайсы жерде иштеп жатышат. Бул проекти ишке ашууда 2 этаптын негизинде жүргүзүлөт. Биз аткарып жаткан иш 1-этабы же А1 деп аталат. Ал эми 2-этабын башка бригада аткарат. Долбоордун максаты айыл жергесинде интернет булактарын жакшыртуу».
Асема Сүйүндүкова