Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан Кетмен-Дөбө айыл өкмөттүк имаратын оңдоо иштери жүрүүдө.
Айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиев бул оңдоо иштери эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата жасалып жаткандыгын айтат.

“Азыр бардык мекеме жетекчилеринде, бардык мекемелерди оңдоо даярдыктары көрүлүп жатат. Анын ичнде биздин айыл өкмөттүн административдик имаратын оңдоо каражатына бюджеттен 221800 сом бөлүнгөн, ошол акчага азыр оңдоо иштери жүрүп жатат. Жыйындар залынын оңдоо иштери бүттү, азыр биринчи жана экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери дагы уланат, кудай кааласа июлдун 15теринде оңдоо иштери толугу менен бүтөт”, — деди айыл өкмөт башчы.
Терек-Суу айылынын башчысы Тилек Назарбеков оңдоо иштери башталганча көп эле ыңгайсыздыктар болгондугун айтат.

“Мындан мурун айыл өкмөттө көп эле ыңгайсыздыктар болуп жаткан, азыр оңдолуп жатат. Айыл өкмөттүн ичинде бардыгы ондолуп жатат. Оңдоо иштери дагы уланат деп жатабыз, сырдап бүткөндөн кийин, дагы сыртта жана крышада анча-мынча мучүлүштүктөр бар, алар дагы оңдолот”, — деп билдирди Тилек Назарбеков.
Соцадис Уларкан Ботоканова буга чейин айыл өкмөттүн имаратында ремонт болбогондугун жана оңдоо иштери дагы уланарын кошумчалай кетти.

Айыл өкмөт имараты оңдолуп жаткандыгына байланыштуу мекеме кызматкерлери иш мөөнөтүн жыйындар залында өткөрүп жатышат.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн