
Кыргызтандын аймагында өнүккөн айылдар өтө эле аз. Албетте, өнүккөн айылдардын катарын толуктоо үчүн айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын салымы чоң. Ооба Барскоон эчактан бери өнүккөн айылдардын катарын толуктайт. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан айылга алгылыктуу иштер кылынып келет. Акыркы убакытта айыл өкмөтү тарабынан айыл тургундарынын жашоосун жакшыртууда жана калктын зарылдыктарын камзыздоодо. Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетов Барскоон айылы “эң мыкты айыл” наамына ээ болгондугун өз сөзүндө билдирди.

“Биздин Айыл Өкмөт “Мыкты Айыл Өкмөт” деп Жети-Өгүз району боюнча табылды. Аякта байгебиз бар эле. Беларус трактору -82 утуп алдык. Бул биздин Айыл Өкмөтүнүн чоң жетишкендиктери деп ойлойбуз. Жайыт комитетине “Арис” программасынын проектисинин негизинде биздин Айыл Өкмөтү Камаз алып келдик. 650 миң сомду Ыссык-Көл өнүктүрүү фондунан алынды, 2000000 болсо “Арис” проектисинин кардылаган грант түрүндөгү акча. Камазды алып келип жатканда биздин депутатыбыз СДПК партиясынан Аттокуров Данияр 10 тонна цемент бизге спонсор катары тартуулап берди. Тендерди өткөрүп алсак Ленина көчөлөрүн кеңейтүү, электро чубалгыларды жылдыруу, бир тарапка тратуарный дарошка коюу, кашааларды орнотуу. Ушул маселелерибиз кудай буюрса ишке ашат деген тилекте болуп атабыз”.
Барскоон айылынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери берилген тапшырмаларды өз учуруннда аткарып жана өз иштерин мыкты билгендиктен Барскоон айылы көптөгөн ийгиликтерге жетишүүдө. Барскоон айыл аймагынын жоопту катчысы Азимгүл Жаныгулова айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Айыл Өкмөтүндө 15 штаттык бирдик менен иш алып барат. Айыл Өкмөтүнүн башчысы саясий кызматкер болуп эсептелет. Андан башкалары муниципиалдык кызматкер болуп эсептелет. Булардын сегизөө жогорку билимдүү, калганы атайын орто билимдүү. 5 кызматкердин класстык чини бар, жыл сайын аттестациядан өтүп чин алышат. Эң жогорку көп жыл иштеген кызматкерлер бизде үчөө бар. 16 жылдан бери иштеп жаткан кызматкерибиз “Отличник муниципиалный службы” деген төш белгисине ээ болду. Калгандары болсо ардак грамоталары менен сыйланып жатышат, жогорку органдардан сыйлуу белектерди алып жатышат. Андан тышкары Айыл Өкмөттө премяльный бар. Акчалай сыйлыктарды алышат, анан иштеген иштерине жараша порталдык план түзүшөт. Ошонун негизинде эмгек акыларына жыл сайын кошулуп турат”.
Жергиликтүү калк үчүн акыркы жылдарды Барскоон айылына өкмөт тарабынан иштери тууралуу Барскоон айылынын тургуну Сапар Карманбеков төмөндөгүлөргө токтолду:

“Биздин Барскоон айылдык аймагында кийинки 4-5 жылдарда кѳп жетишкендиктер, кѳп жаӊылыктар болду. Айылдык маданият үйү капиталдык ремонттон ѳтүп, маданият үйүндѳ маалымат борбору, кипепкана, гост регистр ачылды. Эшмамбетов Руслан уюуштургучтугу, кѳрсѳткүчтүгү анан ѳзүнүн ишке болгон мамилеси менен кѳп маселелерди аткарып койду. 16чы жылдын жыйынтыгы менен Барскоон айыл аймагы Айыл Ѳкмѳтү, Жети-Ѳгүз районунда баардыгы 14 кѳрсѳткүчү менен жыйынтыгын чыгарышты. Бул кѳрсѳткүчтүн ичинде баардык тармактар камтылган. Райондо атайын комиссия Барскоон айыл ѳкмѳтүн жеӊүүчү деп таап, башкы сыйлыгы МТЗ-82 деген трактор Барскоон айыл ѳкмѳтүнѳ ыйгарылды. Бул эле ушул кѳрсѳтүп турат. Айыл ѳкмѳтуиши кандай болуп турганын”.
Өз ишин мыкты билген кызматкерлер Барскоон айылында эле эмес Кыргызтанда көбөйө берсин.
Дайардаган: Асель Асанова, Эрлан Абласов.