26-октябрь Баткен коогалаңынын ардагерлер күнү белгиленип келе жатат. Бул датага байланыштуу Баетов айылында Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган айкел тургузулду.
Ошол 1999-жылы мамлекетибиздин түштүк аймагындагы моджахеддер менен болгон согушта да акталаалык жигиттер катардан калбай кызмат өтөшкөн.

Нарын облустук ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Таалайбек Идирисов мындай деди.
— Мындай эстелик облус боюнча биринчи ирет тургузулуп жатат. Бул жай жаштардын ыйык мекенине айланат жана жаштар агалардын жолун жолдогон патриот болот. Колдоо көрсөткөн, демилге кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрунө ыраазычылык билдирем.

Афган согушу 1979-1989-жылдары болгон. Бул жылдарда мурдагы СССРдин аймагынан 620 миң советтик жоокерлер интернационалдык милдетин аткарып, кызмат өтөшкөн.
Бул согушта 15 миң аскер курман болуп, 54 миң жоокер ар кандай жаракаттарды алышкан. Кыргызстандан 7141 жоокер Афганистанда кызмат өтөөгө чакырылып, анын 300ү кайтпай калган.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн