Суусамыр айылындагы жетим-жесир, кары-картаңдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө тамак-аш жана көмүр түрүндө жардам көрсөтүлдү.
Жардам Кувейт мамлекетинен жана Ас-Салам коомдук фонду тарабынан берилди. Бул тууралуу Суусамыр айылынын имам хатиби Мирбек Казаков мындай деди:
“Бул жардам көрсөтүү жыл сайын көрсөтүлүп келет. Суусамыр айылындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кыштын алдында азык-түлүк жана көмүр бөлүнүп берилди. Бул иш-чаранын максаты социалдык көйгөйлөрду бираз да болсо азайтуу болуп саналат.”
Бир күн бою жардамга муктаж Суусамыр айылынын тургундары келип, өзүнө тиешелүү жардамды алып кетип жатышты. Айыл тургуну Токон Акматова 10 мешок көмүр алып уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди:
“Бүгүн телефон чалып мени чакырышты, келип жардамын алдым. Терең ыраазычылык билдирем. Жыл сайын ушинтип жардам кылып турушат. Башка айылдардан да келип алып жатышат.”
Суусамыр айылдык имам хатиби Мирбек Казаковдун айтымында Суусамыр айылынан бул жардамды 130 киши алышат.
Даярдаган: Айзада Калканбекова, Зыйнат Самарбекова