Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө өлкөдө жарыяланган үч айлык көрктөндүрүү боюнча айыл өкмөттөгү жалпы мектептерге арча, көчөт, гүлдүн түрлөрүн эгүү үчүн атайын акча каражты бөлүнгөн. Учурда көрктөндүрүү иштери аяктап калды.
Көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат
Сапарбек Бөйдөнов маалымат берип жаткан учуру
Кулатов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапарбек Бөйдөнов жалпы көрктөндүрүү иштерине 200 миң сом бөлүнгөнүн билдирди.
Сапарбек Бөйдөнов: «Мамлекет тарабынан жарыяланган үч айлык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жумушту эрте жазда баштаганбыз. Айыл өкмөттөгү жалпы мектептерге 76 миң сомдук арча, терек, өрүк, жаңгак, алма көчөттөрү алынып берилди. 20 миң сомдук бала бакчаларга гүл алынып берилди. 42 миң сомго спорт комплекске жасалма жашыл чөп алынды. Айыл өкмөттүн имаратынын айланасына жалпы 60 миң сомго бөлмө гүлдөрү, сыртка эгилүүчү гүлдөр алынып, толук жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери аяктап калды. Эрте жазда эгилген гүлдөр ачылып, айланага көрк берип, көргөн жанды суктандырууда. Жалпы көрктөндүрүү иштерине 200 миң сом бөлүндү».
Айбашев атындагы орто мектебинин директору Замира Нурдинова маалымат берип жаткан учуру
Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова мектепти көрктөндүрүүдө жүрүп жаткан иштерге токтолду.
Замира Нурдинова: «Айыл өкмөт тарабынан арча жана башка көчөттөр берилип, убагында эгип, көктөтүү үчүн тынымсыз аракет жасап жатабыз. Андан сырткары «Бир адамдан бир көчөт» долбооруна катышып, мугалимдер жана чоң класстын мектеп окуучулары жаш көчөттөрдү алып келип тигишти. Ар ишемби сайын мектептин айланасын шыпырып, арыктарды тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат».
Бул макала Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Таңнуру Жалалова
Аудио: Депутат жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында кандай укуктарга ээ?