Ноокат районуна караштуу Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 4 млн 300 миң сомго рентген аппарат алынды. Рентген коюлган бөлмө 30 жылдан бери бош жаткан. Бөлмөнү ремонттон өткөрүп, рентген аппараты иштөө алдында турат. Рентгенди иштетүү үчүн атайын адис окутуудан өтүп жатат.
Ноокат аймактык Жал бөлүмүнүн бөлүм башчысы Азимжан Абдуллаев Кулатов айыл аймагында рентген аппараты болбогондуктан, айыл тургундары Кызыл-Кыя шаарына жана Ноокат районунун ооруканаларына барууга туура келчү дейт.
Азимжан Абдуллаев: «2020-жылы короновирус илдети күч алган учурда рентген аппаратын алуу зарылдыгы келип чыккан. Ошол мезгилде айыл тургундарынын демилгелүү тобу айыл өкмөткө кайрылуу жолдошкон. Айыл өкмөттүн жетекчилиги жана айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте кеңешип бул көйгөйдү туура кабыл алып, рентген аппаратын алуу үчүн тендер жарыялаган. Пандемияга байланыштуу жана чек ара көйгөйлөрүнүн таасири менен алып келүү иштери кечеңдеди. Бул рентген Түштүк Кореядан 4 млн 300 миң сомго алынган. Ошондой эле, ушул жердин медицина кызматкерлерин үч күн окутуп, үйрөтүп кетишти. Айрым болоор-болбос кемчилдиктердин айынан убактылуу иштебей турат. 250В электр тогуна улануусу керек экен. Ушул көйгөйдү чечсек эле ишке кирет. Бул аппарат келгенге чейин эле өзүбүздө иштеген кызматкерди Ош шаарына үч айлык курска жөнөткөнбүз. Мына азыркы учурда акыркы айын окуп жатат. Бир гана рентген аппаратын эмес ооруларды кабыл алуучу бөлмөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүп, пайдаланууга берилди. Былтыркы жылы чынында пандемияга даярдыгыбыз жок эле. Быйыл буюрса коркпостон элибизге жакындан медициналык жардам көрсөтө алабыз».
Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапарбек Бойдонов аталган рентген аппарат адамдын бардык органдарын тартууга мүмкүнчүлүгү бар дейт.
Сапарбек Бойдонов: «Бардык органдарды тартып, плёнкага да кагазга да чыгаруучу мүмкүнчүлүккө ээ. Плёнка жок деген көйгөй болбойт, кагазга да чыгарып бере берет. Тендер былтыры 2020-жылы өткөн, пандемияга байланыштуу быйыл алып келинип, үч күн иштетүү жолдорун көрсөтүп, үйрөтүп кетишти. Ремонт иштерине жалпы 360 миң сом акча бөлүндү. Бул бөлмө алгач курулган мезгилде эле болгон. Бирок, рентген аппараты болбогондугуна байланыштуу бош турган».
Бул макала Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Таңнуру Жалалова
Кулатов айыл өкмөтүн көрктөндүрүүгө 200 миң сом бөлүндү
Аудио: Депутат жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында кандай укуктарга ээ?