Баетов айыл аймагында көчөлөрдү, эс алуучу жайларды жана мектептин айланасын таштандыдан тазалоо үчүн ишембиликтер жүрүүдө.
Ар жуманын ишемби күнү мектеп окуучулары өздөрү окуган мектептин айланасын жана “Адилет” паркын тазалап, бак-дарактарды акилеп, тазалыкка, эң башкысы өздөрү жашап жаткан айылдын экологиялык жанга санитардык абалынынын жакшырышына салым кошушту.
Ишембилик “Тун-Ук” коомдук фондусу тарабынан уюштурулуп, “Биз айылды бирге тазалайбыз” долбоорунун негизинде өтүүдө.
Фонддун ыктыярчылары: “Аталган маалымат компаниясынын алкагында кийинки жумада айылдагы активдүү жаштардын катышуусу менен айылдагы чон таштандынын тазалоо иши болот. Бардык жаштарды катышып, көмөктөшүүгө чакырабыз. Бизге кошулуп, айылыбыздын тазалыгы үчүн салым кошобуз деген бардык жаштарды күтөбүз. Ошондой эле өтүүчү иш чаралар ишембилик менен гана чектелбейт, окуулар, жолугушуулар, окуучулар арасында жана кварталдардын тазылыгы боюнча сынактар өтөт” дешти.
Даярдаган: Г. Мамытбекова