Бул маселе боюнча ушул күнгө чейин эч ким көңүл бурбаганы жана бир топ кырсыктар да болуп өткөнү эчкимге сыр эмес. Анткени бул боюнча Үч-Коргонго барып изилдегенибизде чындыгында бул көйгөйдүн чечилүүсү тууралуу малымат ала албадык.
Үч-Коргон айылынын тургундарынын айтымында, жол четиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор өтө начар жана жөө жүргөнгө кооптуу. Белгилей кетсек, жолдун начарлыгы мектеп окуучуларына да коркунуч туудурууда.
Мектеп окуучулары мектептен кайтканда ушул кооптуу жолдордон жүрүүгө аргасыз болушат. Биз бул туурасында маалымат алуу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылгныбызда бизге маек берүүдөн баш тартышты.
Бул көйгөйдү жергиликтүү бийлик карабаса, карапайым эл эмне кылуусу керек? Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эч кимди кызыктырбаса, кырсыктар жылдан жылга өсүүсү токтобойт.
Үч-Коргон мультимедия боробрунун кабарчылары бул көйгөйгө буга чейин да токтолгон. Бирок ушул күнгө чейин бул боюнча эч кандай жылыш байкала элек.
Даярдаган: Гулиза Жээнбаева, Сапарали Абдилла уулу
“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”