Куу-Майдандагы айыл өкмөтүнүн имаратында турган №3 китепкана тээ 1970-жылдары түптөлүп ошодон бери иштеп келе жатат. Айлыгы аз, билинбеген түйшүктүү эмгеги менен бул китепканада канчалаган эжекелерибиз элге кызмат кылышты, дейт китепкананын азыркы башчысы Гүлнара Тиллебаева.
Китеп билим булагы демекчи бул китепкананын китеп фонду учурда 8532 китеп менен толукталган. Бул китепканага негизинен айыл тургундары бош убактыларында келип, өздөрүнө жаккан адабий китептерди окуп турушат жана үйлөрүнө да алып кетип окушат. Китепканага пенсионерлер, орто курактагы агай-эжелер жана жаштар, мектеп окуучулары келип, тынымсыз китеп окуп турушат.
Китеп элдин маданиятынын эң маанилүү булактарынын бири. Куу-Майдандагы итепканада кыргыз, орус адабияттары орун алган. Ошондой эле саясий адабияттар жана балдар адабияттары китепкананын текчелерин толуктап турат.
Акын-жазуучулардын жаңы чыгарган китептери менен район, облустан газета-журналдардын акыркы сандары да келип турат.
Гүлнара эже бир эле китеп текчесин китептер менен толтура бербей, жергиликтүү жана улуу акын жазуучулардын эмгектерин буклеттер аркылуу көргөзүп келет. Ошону менен бирге ар кандай иш-чараларды китепке байланышкан кечелерди өткөрүп турат.
Китепкананын келечектеги максаттары тууралуу:
«Бул китепкананы заманбап технология менен камсыз кылуу жана окурмандарын көбөйтүү, компьютерлер менен иштөө биздин максат» деп токтолду китепкананын башчысы Тиллебаева.
Даярдаган: Абсатаров Женишбек жана Баяман Тойчубай уулу
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»