Кулатов айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМК Бирлигинин качан түзүлгөндүгү, максаттары жана канча жамааттык мультимедиа бробор иштеп жаткандыгы жөнүндө кеңири маалымат берип кетти.

Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Айзада Калканбекова презентация жасоодо

Жыйынга Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл башчылары, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери, айыл тургындары катышты. Жыйындын максаты Кызыл-Булак мультимедиа борборунун ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында болуп, Кызыл-Булак мультимедиа борборунун координатору Нурманова Чынара медианын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасады.
Жыйында айыл өкмөттүн тургундары өздөрүнун сунуш пикирлерин айтып, талкуу кылышты. Медианын рупор боюнча иштөө функциясы калкка аябай жагып, ар бир айылга же мектептерге коюп берүүсүн айыл өкмөт жетекчилигинен жана жергиликтүү депутаттарынан суранышты. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Көчкөнөв Данияр элдин бул сунушун жергиликтүү кенештин депутаттардын колдоосу менен айыл тургундарын рупор менен камсыз кылуу боюнча бюджет бөлүү жыйынында карап берээрин айтты. Андан сырткары, Кызыл-Булак мультимедиа борборнун активдүү иш алып баруу үчүн финансы жактан жана тиешелүү жардамдарды берүүсүн билдирди.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру