Тогуз- Торо районунда жамааттык радиону ачуу райондун жашоочуларынын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Анткени, бул район өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бири болуп, маалыматтык боштукта калып келет. Жамааттык радионун максаттары жана милдеттери тууралуу райондун тургундары кеңири маалымат ала алышты.
Тогуз-Торо райондук администрациясында жыйындар залында Кыргызстандагы Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирлигинин өкүлдөрү Назира Джусупова жана Айзада Калканбекова райондун тургундары менен бирдикте жыйын өткөрүштү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы жамааттык медиа жана радио тууралуу маалымат берилди. Андан соң, Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Анара Мааметова мульти медиалык борбор тууралуу маалымат берип, слайд көрсөттү.
Келген катышуучулар активдүү катышып, жамааттык радиого тиешелуу суроолорго жооп алышты.
Жыйынтыгында, жергиликтүү тургундар, районго радио керек экенин айтышты. Райондук статистка бөлүмүнүн башчысы Гульнур Арстанбекова элди каттоо жакында башталарын жана ошол убакта радио абдан керектигин айтты.
Даярдаган: Анара Мааметова