Бул программада жөлөк пулдар боюнча угармандар маалымат алышты. Көмөк пул менен жөлөк пулдун айырмачылыгын билишти. Сүйүнчү пулга эмне документтер керек экенин, аны кайсы мезгилде тапшырып, өткөрүү жөнүндө алышты. Чоң –Кемин айыл өкмөтүнүн социалдык тармактар боюнча адиси Нуракова Сымбат маалымат берди. Айыл тургуну Омуралиев Темирбек сүйүнчү пулду алуу боюнча кыйынчылыктар болгон же болбогону жөнүндө айтып берди. Мурунку жылдарга салыштырмалуу айырмачылыктар, өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы байкалды.
Даярдаган: Гульзат Байгазинова