Түз эфирде айыл тургундары Таза коом программасынын иштери боюнча маалымат алышты. Конокто Таза Коом маалымат борборунун оператору Жаныл Мустапаева жана Бермет Сартова болуп, суроолорго жооп беришти. Паспорт алууда, ЗАГСка турууда, полис алууда эмне документтер керек экенин билишти. Таза коом кандай иштерди жургузуп жатканы менен таанышты. Сөзсүз түрдө үйдүн кызыл китеби, тех паспорту керек болорун айтып өттү. Мурункудай кезекке туруп кыйналбастан эле, электрондошкон заманда оңой чечип алса болоруна токтолду. Таза коом программасынын негизги максаты, интернет түйүндөрүн жайылтуу болуп саналат. Авто унааларга келген штраф, убара тартып районго чейин барбай эле бул жерден төлөнөрүн билдирди. Угармандардын суроолоруна жооп берип, түшүнүксүз суроолоруна маалымат берип, айтып берди.
Даярдаган: Гульзат Байгазинова