Ысык-Көл облусунун Токтоян айылы тоонун этегинде жайгашкан. Күн сууктаганда тоодо карышкырлардын саны көбөйүп, малдарга залакасын тийгизүүдө. «Карышкыр тайымдын мойнунан жана бутунан тиштеп кеткенине 20 күндөй болуп калды. Ветеринарларга кайрылып дарылап жатам. Дарылаганга 2000 сомдон ашык акча сарпталды,»— деди айыл тургуну Саламат Кайкиев.
Карышкырлардын кесепетинен кээбир айыл тургундары чоң чыгымдарга учуроодо. «Малдарыбыз тоодо болчу. Ошол жерден карышкыр тайыбызга кол салып, тайыбыздын жарымын жеп кеткенине бир ай болуп калды»,—дейт Динара Бейшембиева.
Кашатта жашаган айылдыктардын көбүнүн койлоруна карышкырлар кол салып келүүдө. Ошондой тургундарыбыздын бири Азат байкенин койлоруна карышкыр эки жолу кол салып, эки койун жеп кеткен. Бирок ал бизге маалымат бергенден баш тартты.
Сактыкта кордук жок дегендей элдер малдарын тоого айдабай короого кармоого туура келүүдө.
Даярдагандар: Гүлжан Нуркасым кызы, Азиза Эрнисова, Гүлдана Нурланова.