Баетов айылында жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү эми мекеме-ишканаларда жүрүүдө. Бүгүн адистер Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине келип, 1997-1998-жылдары туулган окуучуларды жана айрым кызматкерлерди каттоодон өткөрүштү.
Баетов айыл аймагынын адиси Н.Абышбаеванын айтканына караганда жашоочулардын 45% каттоодон өткөн. Эми ушинтип шаймандарын көтөрүп алып, мекемелерди кыдырып, өтпөй жүргөн жарандарды каттоодон өткөрүшөт. Андан кийин ардагерлерди, майып адамдардын үйлөрүнө барышат.
Даярдаган: Б. Мамытбекова