Учурда республикасынын бардык аймактарында “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы же мобилдик тиркемеси аркылуу ар бир жаран өзүнө керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.
Ак-Талаа районунда калкты тейлөө борбору жоктугуна байланыштуу аталган системага каттоо үчүн жаңы ачылган “Жарандык жана санариптик” окуу борборунда жалгыз адиси Эльзат Келдибекова калкка жалгыз кызмат көрсөтүүдө.
Узун кезек күтүүлөрдөн улам, катталуучулар арасында нааразычылык жаралган.
Район акими Ж.Жапаров калкты электрондук кызматтардын мамлекеттик порталына каттоо ар бир айыл өкмөттүн өзүндө боло тургандыгын айтты.
“Бул көйгөйдү чечүү максатында “Инфоком” мамлекеттик ишканасына айыл өкмөттөрдөгү бирден адиске ЭЦП (электрондук кол тамга) жана “Түндүк” системасы менен иштөөгө уруксат берүү боюнча кайрылуу жиберилген. Аталган мекеме кайрылууну карап чыгып, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери тарабынан булут электрондук кол тамгаларды берүү боюнча биргелешкен ишти уюштурууга макулдугун билдиришти”,- дейт аким Ж.Жапаров.
Мындан сырткары, каттоо кызматын жүргүзүү үчүн ар бир айыл өкмөтүнөн бекитилген бирден адистерди онлайн форматта окутуу жүргүзүлөт. Андан соң ар биринин компьютерине тиешелүү программаны орнотуп берип, калкты жеринде каттоо башталат.
Барчын Мамытбекова