Акыркы жылдары Кыргызстанда кыздардын билим алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейди. Учурда кыздар өз үйүндө отуруп деле чет элдик окуу жайларга тапшырып, окуп же иштей алышат. Албетте бул үчүн максат, аракет жана колдоо керек.Касиет Эркинбекова борборубуздагы жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүндө окуп, кийин магистратураны Москвадан аяктаган. Кесиби боюнча технолог Касиет учурда таттуу чыгаруучу чет элдик компаниялардын биринде эмгектенет. Айтымында биздин өлкөдө кыздардын билим алуусуна шарттар жакшы эле түзүлгөн.
“Суроо талапка ылайык университеттин, факультеттин түрлөрү көп, албетте, окуу деңгээлине жараша. Бирок менин оюмча, кыздардын билим алуусуна андан тышкары ата-эненин, жакындардын колдоосу эң чоң таасир тийгизет. Анткени “эптеп мектепти бүтүп, жакшы күйөөгө тийип алсаң” деген ата-энелер да жок эмес. Тескерисинче алар оку, изден, өс, өркүндө, үйрөн деп, шарт түзүп, колдогону туура. Негизи мүмкүнчүлүктөр көп, болгону кыздар дагы аракет кылып изденүүсү керек”.
Жыл сайын мектепти аяктаган жүздөгөн кыздар улуу максаттар менен алдыга умтулуп, жогорку жана орто же атайын орто окуу жайларга тапшырат. Атайын орто же кыска мөөнөттүү курстарды тандагандары да бар.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев орто мектепти аяктагандан кийин кыздардын көбү жогорку окуу жайларга өтүшөрүн айтат.
“Мектепти бүткөндөн кийин эркек балдар көбүнчө ар кандай шарт менен иштеп кетишет. Мисалы 2021-2022-окуу жылында орто мектепти 483 бүтүрүүчү аяктаса, мунун ичинен 297 кыз бала. Ал эми бүгүнкү күндө жогорку окуу жайда окуп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн 60% ашыгы кыздар. Бул кыздар билим алууга ынтызар экенин билдирет. Орто окуу жайларда окугандар да бар. Эгерде билимге болгон мүмкүнчүлүк тууралуу айта турган болсок, кыздарда да, эркек балдарда да бирдей мүмкүнчүлүк бар. Каалаган жерге, каалаган окуусуна тапшыра алат”,- дейт.
Илим жана техника мүнөт сайын өзгөрүлүп, өнүгүп жаткан убакта адам дагы андан артта калбай коомдун агымына жараша өзүн улам тереңдеп таанып, кыялдарын ишке ашырууга аракет жасаганда акыбети кайтары анык. Мамлекеттик кызматта иштеп, учурда магистрдик программа менен Сеул шаарында “Азия өлкөлөрүндөгү гендердик лидерлик” багытында окуп жаткан Мырзайым Кадырова кыргыз кыздары билимдүү, меймандос дейт.
“Биз чыгыш маданиятынын өкүлдөрү болгондуктанбы кыздар кең пейил, тырышчак келебиз. Кыздардын билимдүү болушу өлкөнүн экономикасына таасир этет. Элестетип көрөлү, кыздар мектепке барбаса, билим албаса жумушка орношо албайт. Муну менен жумушсуздук көбөйөт. Ал эми өлкө жумушусуздарга жөлөк пул төлөйт. Бул зыян эмей эмне? Ошол себептүү кыздар окуп билим алып, өлкөгө салым кошуубуз зарыл. Келечек билимдүү жаштар менен курулат”.
Биздин өлкөдө кыздар да балдар да кайсы түрү болбосун билим алууга, кесип тандоого укугу бар. Бирок кээ бир учурларда ата-энелер да эртелеп кыздарга кесип тандоосуна бөгөт коюп, чектеп коюшат. Мисалы мугалимдик кесип менен бардык жерде иштей аласың же болбосо журналист болсоң үй-бүлөң каршы болот дегендей. Мындай көрүнүштөрдү жокко чыгарып, стереотиптик көз караштардан арылуу максатында ар кандай уюмдар түрдүү иш-чараларды өткөрүп келишет.
Акыркы 5 жылда кыздар менен аялдардын билим алуусун камсыздоо багытында:
• билим берүүнүн бардык деӊгээлдеринде гендердик теӊдикти илгерилетүү жана жаӊылыш пикирлерди жоюу үчүн окуу программаларын ѳркүндѳтүү;
• кѳндүмдѳргѳ ээ болуу, ошондой эле жаӊы жана перспективалуу тармактарда, ѳзгѳчѳ STEM (илим, технология, инженерия жана математика) чѳйрѳсүндѳ окуп билим алуу, санарип технологияларды ѳздѳштүрүү мүмкүнчүлүктѳрүн кеӊейтүү;
• коопсуз суу менен камсыздоо жана санитария кызматтарынын, ошондой эле айыз гигиенасы каражаттарынын, айрыкча мектептер менен башка окуу-даярдоо жайларында жеткиликтүүлүгүн камсыздоо өңдүү кадамдарды жасоодо.
Ошондой эле, билим берүү министрлиги түрдүү курактагы кыздарды инновациялык технологияларды жайылтууга активдүү катышууга, таланттарды толук ачууга, аларды илим жана жаӊы технологиялар менен алектенүүгѳ мотивациялоого, инженердик жана техникалык адистиктерге кызыктыруу үчүн шарт түзгѳн ар кандай долбоорлор аркылуу STEM-билим берүүгѳ карай иш-аракеттер жыйынтык бере баштаганын белгилеген.
Барчын Мамытбекова