Ат-Башы районунун акимчилигинде дары чөптөрдү өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча маалыматтык жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууда жергиликтүү жамааттар, дыйкандар, ишкерлер катышты.
Жолугушууга жергиликтүү жамааттар катышты
Маалыматтык жолугушууну GO GREEN долбоорунун жана RDF коомдук уюмунун өкүлдөрү уюштурган. Жолугушууда буга чейин долбоор аркылуу кандай иштер аткарылган жана алдыда кандай пландар коюлуп жатканы тууралуу сөз болду.
Өз сөзүндө GO GREEN долбоорунун координатору Уран Жунусов быйылкы жылы дагы жаңы чөптөрдү өстүрүүнү максат кылып жатышканын айтты:
Go Green долбоорунун координатору Уран Жунусов
“Биз Ат-Башы району боюнча эки жамаат менен иштеп келе жатабыз. Бири Ача-Кайыңды айылындагы “Көөнөрбөс Мурас” уюму, экинчиси- Кара-Булуң айылындагы “Жашыл өмүр” кооперативи. Биз бул уюмдар менен эки жыл ичинде көптөгөн дары чөптөрдү өстүргөнгө жетиштик, календула, валериана, тикени жок чычырканак жана башкаларды өстүрдүк. Буюрса түшүмү жакшы болуп, дыйкан аларды сатып, биринчи акчасын алышты. Алар дагы дары чөп менен иштесе болот экенин түшүнүп калышты. Дары чөптөрдүн ордуларын коруп, тамчылатып сугаруу системасын, кургатуучу аппараттарын коюп бергенбиз. Долбоор аркылуу биз экологиялык органикалык дары чөптөрдү өстүрүүнү көргөзүп бере алдык. Негизи бул долбоор аяктап келе жатат. Бирок дыйкандардын суроосу боюнча биз ассоциация түзүп ошо менен иш алып барып жатабыз. Мына биз бүгүн дагы дыйкандарга жаңы үрөөндөрдү алып келдик жана кайра эми аларга көп санда сатып алуучу кардар издейбиз. Жалпысынан бул долбоорду жергиликтүү жамаат чоң дем менен кабыл алышат”.
Жолугушууда жергиликтүү дыйкандарга жаңы үрөөндөр тапшырылды
Ал эми Ача-Кайыңды айылынын тургуну, ишкер Жолдошбек Субанов Ат-Башы жеринде картошка гана айдай бербестен башка, мисалы дары чөптөрдү өстүрүү маанилүү экенин айтат:
Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жолдошбек Субанов
“Мен 2022-жылдан бери “Көөнөбөс Мурас” коомдук уюму менен биргеликте карагат, тикени жок чычырканак, валерианаларды өстүрүп баштадым. Алар бизге бардык шарттарын түзүп беришти. Негизинен абдан кирешелүү болот экен, биздин жерде өскөн дары чөптөрдүн сапаты дагы башка региондорго караганда жакшы болот экен. Экологияга дагы тийгизген таасири жакшы.”
Көөнөрбөс Мурас коомдук уюмунун жетекчиси Бегайым Мурзалиева
Андан тышкары, жолугушууда “Бирлик” мобилдик тиркемеси тууралуу маалымат берилип, дыйкандар социалдык тармактарда кандай иш алып баруусу керек боюнча кеңештер айтылды.
Маалымат берүү учурунда
Асел Үркүнбаева