Ак-Талаа районунда окуучулардын республикалык олимпиадасынын III турунда байгелүү орундарды камсыз кылып, ийгиликке жетишкен окуучуларды сыйлоо аземи болду.
Облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү мугалимдери менен
Сыйлоо салтанатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана акидин орун басары Улан Жылтыров райондун намысын коргогон окуучуларды жана окуткан мугалимдерин куттуктады. Ошондой эле облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак Грамотасын” жана КР “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси Азимжан Ибраимов атындагы стипендия ар бирине 2000 сомдон тапшырылды.
Оболбеков Даниел (оңдон үчүнчү) информатика сабагы боюнча 2-орунду камсыз кылды
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн предметтик мугалимдери
Мындан сырткары IV Республикалык олимпиадага катышып, байгелүү орунга ээ болгон окуучуга демөөрчүлөр колдоо көрсөтүлөрү айтылды.
Эскерте кетсек, мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын III облустук туру 2023-жылдын Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин базасында өткөрүлүп, ага Ак-Талаа районунан 24 окуучу катышкан. Жыйынтыгында үч окуучу 1-2-орунду камсыз кылып олимпиаданын IV Республикалык этабына катышууга жолдомо алышкан. Ал эми 3-орунду 3 окуучу камсыз кылган.
Барчын Мамытбекова