Жаш муунду окууга үндөгөн «Китеп кербени» Илимий методикалык борбордун тапшырмасы менен Республиканын 7 облусунун лицейлерин кыдырууда. Саамалыктын алкагында Нарын облусунун Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейине келип жетти.
№15 кесиптик лицейинде оку тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айзат Жумалиеванын жетекчилиги астында, окуучулар тарабынан Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасы эң мыкты деңгээлде коюлду. Драма 468-группасынын жана 476-группасынын студенттеринин катышуусунда сахналаштырылып өткөрүлдү.
Республикалык оку методикалык борбордун жетекчилиги астында «Китеп Кербени» иштелип чыккан. Иш чаранын негизги максаты китеп маселеси, азыркы учурда китеп көп окулбай жаткандыгы баарыбызга маалым, ошол себептен китеп окууну жакшыртуу, өсүп келе жаткан муунду китеп окууга үндөө жана кызыкчылыктарын арттырып китепти даңазалоо.
№15 кесиптик лицейинде драма сахналаштырылып, салтанаттуу түрдө белгиленип көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Өткөрүлгөн иш- чара өз максатына жетти.
Төлөн Токтосунова