Бүгүн Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнө мамлекет тарабынан эки КАМАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаа жана Кочкор райондук администрациясынын өнүктүрүү фондунан 1 үйлөтмө кайык, 1 компрессор, 2 мотопомпа, 2 компьютер, 2 ноутбук, 2 принтер, 4 дүрбү, 4 рация, 5 төшкө чейин кийилүүчү өтүк берилди.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы өрт өчүрүчүү автоунаалар менен танышуу учуру
Бүгүнкү иш-чара боюнча Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Өмүрбек уулу Адилет кийинки маалымат менен бөлүшүп берди: «2022-жылы өрт өчүрүү бөлүмүн күчтөндүрүү максатында мамлекет тарабынан 1 даана КАМАЗ 65-115 үлгүсүндөгү өрт өчүрүчүү автоунаа берилген, быйыл болсо 1 даана КАМАЗ 43-118 үлгүсүндөгү автоунаалар келди. Бардыгы мамлекет тарабынан бөлүнүп, Россия Федерациясынын заводдору чыгарган автоунаалар.
Өрт өчүрүү каражаттары
Иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев катышып, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине иштерине ийгилик каалап кетти.
Компьютер, дүрбү, ноутбук каражаттары
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев
Асема Молдошева, Мадина Жокенова