Кычыраган кыш аяктаганы менен от жагуу токтой элек, дагы деле болсо иске ууланып калуу коркунучу жогору. Анткени ар бир үйдө кышкысын колдонулуучу көмүр отуну ис жана көмүр кычкыл газы бөлүп чыгарат.
Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин химия мугалими Саадат Атаканова ис газы адам өмүрү үчүн кооптуу жагдай болуп саналат, анткени бат ууланып калуу коркунучу бар экенин айтты.
“Себеби ис газы кычкылтекке караганда туруктуу болот дагы адамдын организминдеги гемоглобинге тез кошулат. Бул учурда кычкылтек жетишсиз болуп, адам уулана баштайт. Ал эми кадимки эле мештин морунан чыккан түтүн менен көмүр кычкыл газы чыгат. Эгер бул газ дагы көп өлчөмдө топтолсо адам үчүн зыян. Биз көмүр отунун эконом болсун же жылуулук сакталсын деп морду жаап коюу, от чала жагуу ис газынын пайда болушуна алып келет. Анткени кычкылтек жетишсиз болуп, быкшып, түтөп күйө албайт. Истин жыты жана түссүз болгондуктан аны атайын аспаптын жардамы менен гана билүүгө болот”-дейт С.Атаканова.
Негизи от жагуу мезгилинде мештин морун тазалап туруу керек. Эгер мор толуп калса, түтүн өйдө эмес, бөлмөнүн ичин карай үйлөнүп, ис чыга баштайт. Мештин морун жаап коюу дагы жаңылыштык. Мындан сырткары оттун күлүн дагы толтурбай, төгүп туруу талапка ылайык. От салгандан кийин жаап салбай, аба кирип тургудай жылчык калтыруу зарыл. Мындан сырткары, мештин туура салынышына көңүл буруу керек.
Барчын Мамытбекова