Гүлшайыр Жаныбекова дагы тогуз жылдан бери тиш дарыгери болуп эмгектенет. Айтымында бала кезинде эле дарыгер болууну кыялданып, максат койгон. Учурда Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда эмгектенет.
Гүлшайыр Жаныбекова иш үстүндө
“Албетте ар бир кесип ардактуу да. Өтө оор жоопкерчиликти талап кылган кесип, ошол себептүү кылдаттык менен иштегенге аракет кылабыз. Ден-соолук сыры тиштен башталат. Анткени тиш бузулуп түшө баштаганда, күлгөндө, сүйлөгөндө адамдын жүзүн гана бузуп койбостон, көп оорулардын бар экенин кабар берет. Тиш ооруларынын арасында кеңири тараганы пульпит, периодонтит, кариес, пародонтоз оорулары эсептелет.
Аларга каршы туруунун эн биринчи жолу албетте кичинекей кезинен баштап ооз көңдөйүн жана тишти убагында жууп туруу зарыл. Күнүнө эки маал- эртен менен жана кечинде. Айрымдар тишти жууп алып ,тамактанышат бул тура эмес. Эгер кечинде жуугандан кийин бир нерсе ичип жеп алып уктаса, тиштин арасындагы калып калган тамактын калдыктарында бактериялар пайда болот. Адам тункусун оозун жаап уктаганда, ооз көңдөйүнө аба кирбейт, ал эми аба кирбесе бактериялар өсүп -өөрчүйт. Анан алар уу(токсиндерди)бөлүп чыгарып, тиштин эмалын жей баштайт, акыры бул кариеске айланат”,- дейт ал.
Бардык башка илдеттердей эле тиш тынчсызданууну жарата баштаса, дары салып же кандайдыр бир өз алдынча дарылоо жасабай дарыгерге баруу керек. Негизинен адам жок дегенде жылына бир жолу тиш дарыгерине барып көрүнүп, кеп-кеңеш алып туруусу өз ден-соолугу үчүн пайда.
Барчын Мамытбекова