Быйыл жаз айлары менен Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылына тендердик баасы 85млн 371 миң сомду түзгөн 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталат.
Акимдин орун басары Улан Жылтыровдун маалыматына караганда жаңы заманбап мектеп куруу үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты каралып, тендер өткөрүлгөн. Тендерде “Сапат Пром” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.
Аталган айылдагы орто мектептин курулганына жарым кылым болду. Алгач 1965-жылы 12 бөлмөдөн турган биринчи корпусунун курулушу башталып, 1968-жылы колдонууга берилген. Ал эми 4 окуу бөлмөсү бар экинчи корпус 1987-жылы курулган. Мектеп 1997-жылдан бери Аскар Турдакуновдун ысымын алып жүрөт.
Мектеп директору Жумагүл Машерипованын айтымында мектепте 327 окуучуга 36 мугалим билим тарбия берип келет.
“Мектептин пайдубалы бетон, дубалы чийки кыштан тургузулган. Чатыры шифер менен жабылгандыктан, эскилиги жетип, ар кайсы жери жамалган чатырдан жаан-чачында тамчы тамат. Ошол себептүү нымдуулук болуп, окуу бөлмөлөрүнүн дубалдары жарылып, полдорунан жарака кеткен. Ошондой эле окуу бөлмөлөрүнүн ортосундагы дубалдар дагы ажырап кеткен. Эми ошол боюнча таштап койбойбуз да. Улам жарылган жерин шыбап, актап жымсалдап турабыз. Сыртынан дубалдарга тирөөч коюлган”,- деди ал.
Барчын Мамытбекова