Баетов айылында 2 жылдан бери муз тебүүчү жай жашоочуларга кызмат көрсөтүп келет. Айрыкча жаштар, окуучулардын эс алуучу, ден соолугун чыңдоочу борборго айланган бул жерде кезек күткөндөр абдан көп. Эртең менен саат 9 дан баштап иштейт жана 1 саатына 50 сом төлөнөт.
Баетов айылынын тургуну К. Акышев: “Бул жайды өз каражатыма ачкам. Баасы кымбат эмес. Түшкөн каражатка кайра эле коньки сатып келебиз. Бул жерге көбүнчө жаштар,окуучулар келишет. Коньки тепкенди билбегендерди үйрөтөбүз. Анан албетте үй-шарты начар үй-бүлөнүн балдарына бекер тебүүгө уруксат беребиз” дейт.
Даярдагандар: К.Кубанычбекова, Н.Муратбекова