2014-жыл ичинде жана 2015-жыл башында көмүр кенинде иштеп жаткан шахтерлордун өлүмү көбөйгөнүнө байланыштуу маселе 6-февраль күнү Сүлүктү шаардык Аткаруу Комитетинин отурумунда каралды. Бул маселеге шаардын мекеме ишканаларынын жетекчилери, Жергиликтүү Депутаттар катышып 2014- жыл жыйынтыгы чыгарылды.
Бирок шахтерлордун өлүмү, компенсация төлөө маселеси, жетим калган балдары ж.б. маселелер көп талаш жараткандыктан жана кырсыктын себебин аныктоо иштери тиешелүү органдар тарабынан изилденип жаткандыктан комиссиянын жыйынтыгын күтүп анан конкреттүү чара көрүү үчүн бир жумага маселени кароо жылдырылды.
«Окурмандардан сунуш, сын пикирлер болсо Жергиликтүү Кенештин депутаттарына кайрылып оюнуздарды билдирип чечим кабыл алууга катышсанар болот»- дейт Кошбулак Аймактык башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Муниципалдык Кызматынын Отличниги Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Анварбек Тухтаров