Учурда республика боюнча балдарга карата жакындары тарабынан жасалып жаткан зордук-зомбулук негизги маселе болууда. Көңүл борборунда коомчулуктун талкуусунда туруп жаткан мындай көрүнүштү алдын алуу максатында Баетов айыл аймагында атайын иш мерчемдери түзүлдү.
Баетов айыл аймагынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Г. Нураева жакындарынын карамагында калган балдардын коопсуздугу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: Бирөөнүн карамагындагы калган балдар бар. Алар көзөмөлдө калган таята-таене же жакындарынын колунда болсо, сот аркылуу уруксат менен көзөмөлдөсө болот. Биздин каттоодо болот. Мектеп менен бирге жашоо шарты, окуусу кандай болуп жатканын көзөмөлгө алып турабыз.
Социалдык кызматкерлер жана мектептердеги социалдык педагогдор жакындарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын жашоо шарты менен таанышып чыгышты. Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин социалдык педагогу Жангазиева Бурул аталган мектепте мындай категориядагы балдардын саны 92 экенин билдирди. Негизи жыл башында эле мындай балдардын саны такталат экен. «Биз да мектептеги жакындарынын колунда калган балдарды кыдырып чыктык. Жашоо шартын, балдарга үйдөгүлөр кандай мамиле жасалып жатат, окуган жери кандай, канча киши жашайт, үйү канча комната мына ошондон бери карап, акт түзүп, туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик», деди Жангазиева Бурул.
Ал эми Ак-Талаа райондук социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Качкынбаев Эрлан район боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Ар бир айыл өкмөткө, тиешелүү соц. кызматкерлерге кат жөнөтүлгөн. Ар бир камкорчу жана эмгек мигрантынын балдары кайда калган, ошол үйдөн тарбия алып жатабы же сыртка чыгып кеткенби? Агасынын же эжесинин үйүндөбү, маалыматты тактап жатышат. Соц.педагогдор, ИДН (жашы жете элек балдардын иши боюнча инспекция), участкалык инспекторлор менен бирдикте соц.кызматкерлер иш алып барып жатышат.
Даярдагандар: Б.Мамытбекова, К.Кубанычбекова Н.Муратбекова