Кошбулак аймактык башкармалыгындагы №7-, №4- орто мектептеринде, №9- гимназияда жана көмөкчү мектеп интернатында окуп жаткан 7 жаштан 13 жашка чейинки 52 тоголок жана жарым жетим окуучуларга, Кувейт мамлекетине караштуу кайрымдуулук фонду тарабынан ай сайын балдар 18 жашка чыкканга чейин стипендия берилип турат. Бул иш чара Кошбулак аймактык башкармалыгын демилгеси менен жана колдоосу менен ишке ашууда.
Кувейт Эл аралык Кайрымдуулук Фонду менен тыгыз байланышуубуз үчүн шаарыбыздын Баш Имам- хатими Жолдошев Молдо Мусанын салымы өтө чон (Аллах ыраазы болсун), себеби Молдо Муса арап тилин жана маданиятын өтө жогорку денгээлде билгендиктен арап тилдүү мамлекеттердин коомдук фонддору менен тыгыз иш жүргүзүп бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жатат»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркулов.
Даярдаган: Мусуратилла Исканов