Көл аймагынын Токтоян айылынын адамдардын 1/4 бөлүгүн Орусиядан иштеп келгендер жана ал жерде ишин дагы улантып иштеп жаткандар түзөт. Кээ бир айылдын тургундары рубльдын курсунун түшүшүнө карабастан иштешүүдө.
«Рубльдын курсунун түшүшү өтө эле өкүнүчтүү», — дейт эмгек мигранттарынын бири Арчагүл Бактыбекова. «Мен Орусиянын Томск деген шаарында иштейм. Эжем менен чогуу дүкөндө иштейбиз. Иштеп жатканыма бир жыл болду. Мурун үйдөгүлөргө 5000 рубль салсам, 7400 сом алышчу. Ал эми рубль түшкөндөн кийин 5000 рубль салсам 4500 сом эле алышат», — дейт ал.
Орусияда иштеген дагы Токтоян айылынын тургуну рубльдын түшүшү Орусиядагы кыргыздарга өтө эле оор болгонун билдирди.
«Москвада кредит берүүчү банкта иштейм. Бул жерде атамдын карындашы бар. Ошол аркылуу келгем. Москвада иштеп жатканымдын себеби Кыргызстанда жумуш жок. Ошондой эле мага чет өлкөгө чыккан жагат. Ошол да түрткү болду.
Рубльдын түшүшү чоң көйгөй жаратты. Мурун 10 000 рубль 12 000 сом болчу. Ал эми азыр 9200 сом эле болуп калды»,—деди Нуржигит мырза.
Даярдагандар: Гүлжан Нуркасым кызы, Наргиза Айбек кызы, Нурпери Нуркасым кызы.