Талас аймагында төө буурчактын баасы кыйла төмөндөөдө. Бул өз кезегинде дыйкандарга бир топ кыйынчылыкты жаратууда.
Бул тууралуу төө буурчакты кабыл алуучу жайдын өкүлү Осмонбеков Султан өз ойун билдирди. «Биз азыркы күндө түрктөр жана жеке фирмалар менен иштешип жатабыз. Төө бурчактын баасы туруктуу бир баага келсе жакшы болмок эле», — деген оз ойун билдирди. Төө буурчакты иштетүүнүн убарасы көп, мисалы, жайы менен чабылат, сугаруу керек, андан кийин оруп жыйуу иштери, кээде өз чыгымын жаппай калган учурлар дагы бар.
Бакай-Ата айылынын тургуну Жанкорозов Улан: «Төө бурчактын баасынын төмөндөшү бизге кыйынчылык алып келди. Бул жерде ортомчулар, акчасы барлар төө буурчакты алып койуп ортодон пайда көрүп жатат», — дейт жайы менен иштеп мээнетинин акыбети кайтпаган дыйкан.
Былтыр 1- килограмм төө бурчактын баасы 110 сом болсо, быйыл 40 сомго чейин түштү. Албетте бул баа айыл тургундарын канаттаандырбай жатат.
Даярдагандар: Сапаралив Бакай, Куттубеков Алижан