Өлкөдө Ковид-19 илдетине каршы жалпы республикалык эмдөөнүн биринчи этабы аяктап, айрым жерлерде экинчи этабы башталганы турат. Ал эми Төлөк айылында да экинчи эмдөөнү алам деп күтүп жаткандар бар.
№10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Замира Кудайбергенова
Төлөк айылында вакцинаны кимдер алды, алардын абалы кандай жана башка көптөгөн суроолорго жооп алуу үчүн айылдагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Замира Кудайбергенова менен маектештик.
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Өлкөдөгү оор кырдаалга карабай айыл элинин ден соолугуна кам көрүп жүрөсүз, өзүӊүздүн ден соолугуӊуз жакшыбы?
-Ден соолугум жакшы, калктын ден соолугуна кам көрүү биздин милдет да. Ушундай оор кырдаалда элди кантип таштап кетебиз.
-Бүгүнкү күндө Төлөк айылынан канча адам вакцина алды?
Вакцинанын биринчи этабында 8 адам кытай өндүрүшүнөн чыккан вакцинаны алган, ал эми 2 адам оруссиялык өндүрүштөн чыккан вакцинаны алышты.
-Вакцина алуу боюнча айыл элинин түшүнүгү кандай болууда?
Айыл элинде интернетте тарап жаткан фейк маалыматтарга ишенип вакцинадан качып жаткандар да бар, бирок акыркы күндөрү вакцина алат элек деп өздөрү кайрылып, катталып жаткандардын саны өсүүдө.
Ден соолугуна кам көрүп өз каалоосу менен вакцина алгандардын арасында айыл тургуну Кожобек Шейшенов да бар.
-Саламатсызбы? Сиз вакцина алуунун биринчи этабынан өтүптүрсүз. Айтсаӊыз, вакцина алгандан кийин кандай өзгөрүүлөр болду ден соолугуӊузда?
-Саламатчылык, мен вакцинаны өз каалоом менен алдым. Интернетте тарап жаткан жалган маалыматтарга ишенген жокмун. Вакцина алгандан кийин эч жерим ооруган жок, мурун кандай болсом ошондой эле болдум. Эми жакынкы аралыкта вакцинациянын экинчи этабы жүрөт деп жатышат,буюрса аны да алам. Бул менин ден соолугум үчүн керек деп эсептейм.
-Айтсаӊыз, вакцина боюнча элге кандай маалымат берет элеӊиз?
Эӊ биринчи жалган маалыматка ишенбегиле, интернетте тарап жаткан нерсенин чын төгүнүн билип анан ал ишти аткаргыла. Баардык айыл тургундарын вакцина алууга чакырат элем.
Ал эми вакцина алуудан баш тарткандардын көпчүлүгү жаштар болууда. Эмне үчүн вакцина албай жатасыз деген суроо менен айыл жаштарына кайрылганыбызда алар суроого жооп берүүдөн баш тартышты. Ошентсе да өзүнүн атын атагысы келбеген айылдын жаш активисти төмөндөгүдөй жооп берди.
«Алгач мен вакцина алайын деп чечкем, бирок интернетте тараган маалыматтар кайра мени айнытты. Айрыкча вакцина менен кошо чип салынат экен деген магнит жабышып калган кыздын колун көргөндөн кийин өзүм үчүн кооптондум да вакцина албоону чечтим».
Бурул Майрамбек кызы