Өлкөдө эмидемиологиялык абал курч болуп оорунун жуктургандардын саны өсүп жатат. Адистер илдеттен сактануунун бирден бир жолу вакцина алуу экенин айтып келишет. Вакцина канчалык натыйжалуу, ага кантип даярдануу керек, эмдөөдөн өткөндөр эмне үчүн кайрадан ооруп калышат? Ушул жана башка суроолорго Бишкек шаардык санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмдөө дарыгери Нарынкүл Орозакунова жооп берет. Дарыгер айрым жарандар буга олуттуу мамиле кылбай жатканын билдирди. Вакцинанын биринчи дозасын алгандар 21 күндөн кийин экинчи дозасын алууга келбей жаткандар бар экенин кошумчалап жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.
Нарынкүл Орозакунова вакцина сөзү бизге жаңы эле келип калбаганын айтат. Бала төрөлгөндөн тарта эле ар кандай оорулардын алдын алуу андан сактануу максатында колдонулуп келген. Анын тарыхына кайрылсак 1969-жылы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөсүн чечек оорусу каптап көптөгөн адамдардын өмүрүн алып жатканда вакцина коргоп калган. Биздин өлкөдө 1961-жылдан тарта эмдөө жүрөт. Мунун натыйжасында шал, кептөөр жана кичинекей балдардын селейме оорулары катталбай келе жатат.
1. Вакцинанын ушундай артыкчылыктары болгонуна карабай эмне себептен адамдар баш тартат?
Бул ар бир адамдын жоопкерчилигинде. Азыр көпчүлүк социалдык медиа аркылуу ар кандай жалган, ушак маалыматтарды окуп алышып бири-бирин туура эмес үгүттөп ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат. Албетте бул вакцина жаңы, аз убакттын ичинде иштелип чыкты, муну дагы себеп катары карашууда. Бирок, сөзсүз келечекти ойлоп ар бир жаран эмдөөдөн өтүүсү керек. Себеби азыр белгилүү болду ооруга бир эле жолу эмес 2-3- ирет чалдыгып калгандар катталып жатат. Кандайдыр бир контакт болуп калган болсо мурда ооругандар деле кайра-кайра вирусту жугузуп алып ооруй берет экен. Андыктан, биринчиден өзүбүздү сактоо үчүн ошондой эле жакындарды ойлоп бул кадамга баруу зарыл. Анткени ар бир эле адамдын өнөкөт оорусу бар туугандары, кары картаң ата-энелери бар. Бул ооруну биз эмдөө аркылуу гана токтото алабыз.
2. Эмдөөдөн кийин...
Ар бир адам эмдөө алдында дарыгердин кеңешинен өтөт. Ошол эле эмдөөдөн кийин сөзсүз адам организимнде кандайдыр бир реакция болуш керек. Бул болжолдонгон күтүлгөн абал. Бирок, бул адамдарга жараша болот. Ал кандай деңгээлде жүрөрүн айта албайбыз ага мүмкүнчүлүк дагы жок. Эмдөөдөн кийинки абал боюнча 2ге бөлүп караса болот. Биринчиси: көп кездешүүчү бирок маанилүү эмес абал, экинчиси өтө сейрек кездешет бирок, олуттуу реакциялар деп. Көп кездешүүчү нормалдуу реакцияга ийне сайылган жердин кызаруусу, кичине шишигени, катуу болуп калганы кирет жана ал өзүнөн-өзү өтө турган нерсе. Ага эч кандай медициналык талаптын кереги жок. Ошондой эле, адамдын жалпы абалында өзгөрүүлөр болуусу мүмкүн. Уйкусу качып, тынчы кетип, дене табы жогорулап. Буга деле медициналык кийлигишүүнүн кажети жок. Тескерисинче организм иммунитетти пайда кылып жатат деп түшүнүү керек. Жогоруда айткандай бул ар бир организмдин өзгөчөлүгүнө жараша болот.
3. Вакцина сайдыргандан кийин эмнеге жана кантип адамга коронавирус жугуп калышы мүмкүн?
Эмдөө алгандан кийин деле коронавирус жугуп калат. Жукпайт деген кепилдикти азыр эч ким бере албайт. Бирок, кайра эле иммунитетке жараша ооруган адам менен байланыш болуп вирусту жугузуп алсак эмделбеген адамга караганда оору жеңил түрдө өтөт. Сатурация абдан түшүп кетпейт, өпкө жабыркабай көп белгилерине жолукпай эле тез сакайып кетет. Айрым учурларда оору жугуп, бирок эмделген адам аны билбей деле өтүп кетүүсү мүмкүн.
4. Эмделген адам башкаларга вирус жуктуруусу мүмкүнбү?
Жок, эмдөөдөн өткөн адамда антитело иштелип чыгат. Бул учурда алар ооруну алып жүрүүчүлөр болуп эсептелбейт. Биз мурда айтып келген көпчүлүк жаштар оорунун белгилери жок байкалбай башкаларга жугузуп коюп жатышат. Ал эми эмделген адамда мындай болбойт.
5. Эмдөөдөн өтөт элем деген жарандар эмнелерге көңүл буруп, кантип даярданышы керек?
Эмделем деп келген адамды сөзсүз дарыгер карап чыгып бардыгы жайында болсо гана ийне саят. Эң алгач адам өзүн жакшы сезиш керек. Анткени эмдөө денеси таза, оорубаган адамга сайылат. Өнөкөт оорусу барлар өзүнүн дарыгери менен кеңешип карап чыккандан кийин эмделүүгө тийиш. Эгерде ошол мезгилде өзүн жакшы сезбей, оорунун белгилери байкалып жатса 2-3күн күтүп турган туура. Анан дагы позитивдүү болуп, жакшы маанайда, коркпоо зарыл. Ошондой эле азыр бизде 121миң адам эмделди. Биздин жарандар жоопкерчиликтүү мамиле кылбай 2-дозасын алганга келбей коюп жатышат. Мындайларга кайрылат элем сөзсүз 2 дозасын алуу керек.
6. Кимдер вакцина алганга болбойт?
18 жашка чыга элек, боюнда бар жана кош бойлуу адамдар вакцина алганга болбойт. Калган бардык жарандар акысыз түрдө эмдөөдөн өтүшү керек. Дүйнөлүк сайттар коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарган. Анда Кыргызстан вакцина начар жүргөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 160-орунга жайгашкан. Учурда Кыргызстанда калктын 10-12% гана эмдөөдөн өттү. Башка оорунун очогу болуп жаткан өлкөлөр эмдөө жолу аркылуу вирусту бөгөттөп кадимки жашоого кайтып келишүүдө. Биз дагы калкты эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек.