Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында коронавирус илдети күч алууда. Жаңы-Жер айылдык оорукананын башкы дарыгери Шухрат Таджибаевдин билдирүүсү боюнча, айыл аймактык ооруканада дарыгерлердин бардыгы оору жуктуруп алышкан. Айыл элине кызмат көрсөтүүчү дарыгерлер жок болгондуктан бейтаптар борбордук ооруканаларга катташууда.
Учурдагы кырдаалга карата Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы жана айылдык кеңештин депутаттары чукул кырдаал шартында иштеп, ыкчам чечимдерди кабыл алып, бири-бирине күттүрбөй жардамга келип турушат. Алар “Айылда баары аман калышы керек” деген максатты алдына коюп, чыныгы команда болууда.
Айылдагы ар бир жашоочу коркунучту жон териси менен сезип, илдет каалаган жерден, каалаган учурда илешип аларын билип калды. Бирок COVID-19 эпидемиясына карата чектөөлөр киргизилип турганы менен эрежелер сакталганы байкалбайт. Аш- тойлор кадимкидей эле өткөрүлүүдө. Ысыкта ыңгайсыздык жаратуудабы, айтор, беткап тагынган элди да аз көрөбүз. Маршруттук таксилерде деле ошол көрүнүш.
Ошого карабастан Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөт администрациясы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары ишин улантып келишет. Жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, айыл элин илдеттен алдын алуу жана коргоо үчүн болгон күч-аракетин жумшоого даяр болууда.
Коомдук жайларда дезинфекция иштери жүргүзүлүп, эл көп чогулган базарды жана дүкөндөргө санитардык эрежелерди сактоону талап кылууну күчөтүштү. Айыл элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш алып барууда биримдик жана өз ара колдоо менен айылдагы абалды оорудан туруктуу сактап калууга аракеттенишүүдө. Былтыр айыл активисттеринин уюштуруусунда элдин жардамы менен сатып алган “Тез жардам” унаасы тынбай кызматын кылууда.
Былтыркы 2020-жылдын март айында өлкөдө карантин жарыяланганда, башка көптөгөн айылдардай эле Жаңы-Жер айылдык аймагына да COVID-19 эпидемиясына карата ыкчам даярдыктар көрүлгөн.
Бул боюнча маалыматты айылдык ден- соолук комитетинде иштеген Таалайкан Бекматова кененирээк айтып берди:
«Жаңы-Жер айыл өкмөтү 20-хутор, 9-хутор, Зеленый айылы жана Жаңы-Жер айылдарынан турат. Айылда элдин курамы көп улуттуу болгондуктан, ар кандай маданиятты салтты алып жүргөн элдер жашайт. Былтыркы жылы Жаңы-Жер айыл аймагында COVID-19дун жапырт жайылуусун токтотуп калууга айылдык оорукананын дарыгерлери аракеттерди жумшап жатышты. Айыл өкмөттүн уюштуруусунда ыкчам штаб ачылган. Бир нече адамдан турган бул штабдын курамына Айыл өкмөттүн администрациясы, айылдык кеңештин депутаттары, айылдын старосталары, Жаңы-Жер айылдык оорукананын медкызматкерлери, Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери киришти.
Штаб аймактын чегинде коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча иш планын даярдаган. Жаңы-Жер айылдын четинде өткөрмө бекети орнотулган. Ал өткөрмө бекетти жашоочулар жана ыктыярчылар күнү-түнү нөөмөттө туруп кайтарышты. Бир жарым ай бою нөөмөттө тургандар жеке коргонуу каражаты менен камсыздалышкан. Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамасы боюнча айылдагы мектеп, №43 кесиптик лицей карантинге жабылды. Айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшеновдун буйругу менен айылда эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Өрт өчүрүүчү унаалар менен көчөлөр байма-бай дезинфекцияланып турду».
Ал эми учурда коронавирус илдети боюнча айылдагы абал туруктуу болбогондуктан айылдагы ар бир жаранды өзүнө өзү сак болууга чакырабыз. Себеби, ар бир адам өз ден-соолугуна кам көрүүсү зарыл. Күндүн ысыгына карабай ыңгайсыздык жаратса дагы бет кап тагынып жүрүүнү эскерте кетебиз. Айыл элинин амандыгы баарыбызга керек.
Турсун Омуралиева