Суусамыр айыл аймагынын башчысы айыл элин зарыл жумушу жок болсо же той-аштарды, конок тосууларды токтотууну, көчөгө себепсиз чыгууну чектеп турууну айыл тургундарына эскертүүдө. Себеби, учурда айыл аймакта ооруган жана оорудан кайтыш болгон адамдар катталууда.
Бул тууралуу Суусамыр айыл өкмөт башчысы Максат Сейиткулов билдирди:
«Азыркы учурда Суусамыр айыл аймагында абал туруктуу. Коронавирус боюнча айылдык штаб түзүлүп, өз ишин алып барып жатат. Мындан тышкары Суусамыр айылдык оорукана кызыл зонага кирип, 7 орунду күндүзгү стоционар саат 8:00дон кечки 22:00 го чейин иш алып барып жатат. Кожомкул, 1-май айылдарында күндүзгү стоционар иштеп жатат.
Урматтуу Суусамыр өрөөнүнүн тургундары! Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, өзүңүздүн жана башкалардын ден-соолугу үчүн жумушуңуз болбосо эшикке чыкпоонузду суранам, коомдук жайларда жөнөкөй эрежелерди сактоону өтүнөбүз: Азырынча той-аштарды, куда тосууну, конокко барууну токтотуп турушубуз керек.
⠀
-Масканы кийип, 2-3 саат сайын алмаштырууну унутпаңыз;
-Коомдук жайларда кезекке турууда аралыкты сактаңыз;
-Антисептиктерди колдонуп, колуңузду тез-тез жууп туруңуз.
⠀
Эгерде өзүңүздү начар сезсеңиз же дене табыңыз жогору болсо, үйдө калууңузду суранабыз».
Суусамыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлжамал Аскарова ковидке чалдыккандардын жалпы санын айтты:
«COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны
(01.01.2021, 09.07.2021)
01.01.2021, 09.07.2021 чейин 233 бейтап, 07.05.2021, 09.07. 2021 чейин 207 бейтап катталды».
Ал эми Суусамыр айыл аймагынын тургуну, мугалим Асель Бакаева вирустун күчөп жаткандыгынан улам балдарынан кооптонуп жаткандыгын төмөндөгүчө айтат:
«Оору күчөй электе эле коргонуу иштерин көрүп, эл көп топтолгон жерге барбай аралыкты жана эрежеледи сактасак болмок. Бирок Суусамыр айылында учурдагы абал карапайым элди чоочулатып жатат. Жаш балдар дагы ооруп жаткандыктан, мен өз балдарымдан кооптонуп жатам. Бирок балдарыма вирустан коргонуу эрежелери тууралуу түшүндүрүп бергем».
Айдана Токтобекова