Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө пандемия учурундагы жеке ишкерлердин жана карапайым элдин азык-түлүк товарлардын жана курулуш материалдарынын бааларынын кескин жогорулашы калкты түйшүккө салды.
Жеке ишкер Кызыл-Булак айылындагы Жал азык-түлүк жана үй -чарба буюмдарын саткан дүкөндүн ээсинин айтуусунда пандемия учурунда товарларды жеткирген фирмалар келбей калышты.
Кызыл-Булак айылынын тургуну Калмурзаева Саипжамал менен маек курганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:
«Мен жолдошум бул жерде болбогондуктан жана оорукчан кичинекей уулум менен жалгыз турам. 2020-жылдан башталган пандемияда аябай кыйналдык. Себеби, мен эч жерде иштебейм. Балам оорукчан аны карап отурбасам болбойт. Иштегенге шартым жок.
Балам экөөбүз пандемияга байланыштуу азык-түлүк продукталардын бааларын айрымдары эки эсе кымбаттап кеткендиги бизди аябай кыйнады. Атап кетсем, ун, май, шекер күнүмдүк керектелүүчү азыктар. Биз көбүнчө айыл ичиндеги дүкөндөн соода кылабыз. Мен бийлик өкүлдөрүнө кайрыларым азык-түлүктөрдүң бааларын көзөмөлдөп беришин каалайт элем».
Кызыл-Булак айылынын жеке ишмер Жал дүкөнүнүн ээси Мыктыбек Ормонов ишмердүүлүгү боюнча маалымат алганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
«Пандемия башталганда биринчиден биздин айыл Ноокат районуна алыс болгондуктан Кызыл-Кыя шаарынан товар алып келчүүбүз. Айыл өкмөттүн уруксаты менен саналуу эле дүкөндөр шаарга түшүүгө уруксат берилип жатты. Кээ бир учурларда мага да уруксат берилбей кыйынчылык менен товар жеткирүүчүлөр менен байланышып, товар алдырып жатабыз.
Андан сырткары товарлардын баасы кескин кымбаттап, баанын туруксуздугу да да соодагерлерди кыйла түйшүкө салып жатат. Себеби, насыя берип турган фирмалар товарларын насыяга бербей калышты. Баалардын туруксуздугу бул нерсеге себеп болуп жатат. Мүмкүн болушунча эл муктаж болгон азык-түлүктөрдү алып келип сатууга аракет кылып жатабыз. Бирок акырын баалар турукташып жатат десем болот. Шекердин баасы төмөндөй баштады. Ал эми курулуш материалдардын баасы күндөн-күнгө жогорулап жатат. Буга АКШ долларынын кымбаттоосу себеп болсо керек деп ойлойм. Санитардык эрежелерди сактоого аракет кылып жатабыз. Бирок айыл тургундары маска такпай жүргөн жашоочуларды да көрүүгө болот».
Кызыл-Булак айылынын жашоочусу Ракыя Камчыева:
«Биздин жашообузга пандемиянын тийгизген таасири болду десем болот. Себеби азык-түлүктөрдүн баасы күн санап кымбаттап жатат. Мисалы, унду 1200 сомдон бир кабын алып жатсак, ал эми азыркы учурда 1600 сомго араң аласын. Өсүмдүк майы да ошол сыяктуу эле аябай кымбат болуп жатат. Ал эми айлык акылар ошол эле бойдон. Карапайым элдин жашоосу барган сайын татаалдап жатат. Бааларды көзөмөлдөөчү органдар себебин тактап, баалардын турукташын көзөмөлдөсө деп ойлойм. Айла жок канча болсо да алып пайдаланып жатабыз»,- деп билдирди.
Таңнуру Жалалова, Чынара Көчкөнбаева