Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы ооруканада COVID-19 вирусунан 6 адам, пневмониядан 5 адам дарыланууда.
Акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова: «COVID-19 вирусунун үчүнчү толкунуна байланыштуу 8 орундуу инфекция бөлүмү, 22 орундуу соматика бөлүмү зарылчылык келип чыкса иштөөгө даяр. Ал эми 14 жашка чейин балдар арасында COVID-19 илдети жана пневмония катталган жок»,- деди.
Кенже Карагулова акимдин орун басары
Ошондой эле COVID-19 илдетине каршы «Синофармдан» 1 миң доза, «Гам-КОВИД-Вактан» 220 доза вакцина алынып келген. «Синофарм» вакцинасынын 1-дозасы менен 500 адам, 2-дозасы менен 463 адам эмделди. Ал эми «Гам-КОВИД-ВАК» вакцинасынын 1-дозасы менен 110 адам, 2-дозасы менен 55 адам эмдөөдөн өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Учурда жалпы дарыгерлер практикалык борборунда COVID-19 илдетине каршы 2 айлык мөөнөткө жете тургандай 30 233 даана дары, 3 айга жете турган 21 300 даана коргоочу каражат бар.
Барчын Мамытбекова