Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда Бүткүл дүйнөлүк медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди.
Ага район акими Жумадилла Жапаров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору Гүлзуура Чолпонбаева, райондук аскер комиссариатынын комиссары Урматбек Икрамбаев, Баетов айыл өкмөт башчысынын орун басары Улан Шерипбек уулу жана башкалар катышты.
Салтанатка катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ак халатчандарга саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, райондук мамлекеттик администрациянын, райондук аскер комиссариатынын, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төш белгилери, ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана баалуу белектер тапшырылды.
Райондун акими Жумадилла Жапаров сыйлык тапшырууда
Акимдин орун басары Кенже Карагулова сыйлык тапшырууда
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Улан Шерипбек уулу сыйлык ээлери менен
Райондук аскер комиссары Урматбек Икрамбаев Ардак Грамота тапшырууда
Ак халатчандар майрамдык белектер менен сыйланышты
Мындан тышкары, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору тарабынан уюштурулган «Жылдын алдыңкылары» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Барчын Мамытбекова