Нарын районуна караштуу Куланак айылында айымдар үчүн фитнес зал ачылган. Фитнес зал А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде жайгашкан.
Куланак айылынын аялдар кеңешинин төрайымы Керез Ибраева айымдар үчүн демилге көтөрүп, мектептин жер төлөөсү капиталдык ремонттон өтүп жаткан кезден баштап атайын кайрылуулардын негизинде 1 бөлмө алышып, толук кандуу машыгуу шарттарды түзүп берген.
Учурда залда машыгуулар тынымсыз жүрүп турат. Атайын кесипкөй айылда адис жок. Ага карабастан айыл тургуну Мээрим, биздин айымдарга тренер болуп, машыктырат. Себеби ал ден соолук үчүн атайын Нарын шаарына барып, машыгып турчу — дейт аялдар кеңешинин төрайымы Керез Ибраева

«Аталган фитнес зал 2023 — жылы ачылып, 12 айым тынбай машыгып турат. Жазында саныбыз 32 айымга жеткенде 2 группа ачканбыз. Мектептегидей эле каникулду жай мезгили кылып алганбыз. Себеби жай мезгилинде айыл чарба жумуштары, жайлоого деп көп айымдар бошобой калат экенбиз» — дейт айыл тургуну Мээрим Койчуманова
Ал эми төлөм болсо ар бир адамга 500 сомдон. Ал акчага атайын гигиеналык каражаттарга, интернетке жана көк чайга жумшалат.
https://kulanak.kyrgyzmedia.kg/2023/10/11/mugalimder-k-n-n-cho-belek/
төмөндөгү видеодо жалпы маалымат менен таанышасыздар
Даярдаган: Амина Русланова