Ак-Талаа районунда 12 жылдык билим берүү программасы менен окутуп жаткан 1-2-класстарынын мугалимдери үчүн маалыматттык усулдук окуу-тренинги болуп өттү. Ага Ак-Талаа РБББнүн башчысы Ж.Сыдыков, усулчулар жана райондогу жалпы билим берүү мектептеринин башталгыч класстарынын 60 мугалими катышты.

Ж.Сыдыков РБББнүн башчысы, Ч.Сатындиева окуу-усулдук кабинет.башчысы

Окуу-тренингге катышкан мугалимдер

Окуу- тренингде «Заманбап мугалимдин модели» темасында окуу-усулдук кабинетинин башчысы Ч.Сатындиева , окуучунун психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып, окуу жабдууларынын жардамы менен оюн түрүндөгү окутуу боюнча усулчу Б.Атабекова өтүштү. Ошондой эле райондук башталгыч класстары боюнча усулдук бирикме жетекчиси Ж.Курамышова менен биргеликте окуу китептери жана окуу пландары боюнча талкуулар болду. Ч.Сатындиеванын маалыматына караганда быйыл өлкөдөгү билим берүү системасы 12 жылдыкка жаңы өткөндүктөн мугалимдерде окуу китептери же окуу пландары боюнча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. «Ошол себептүү мындай окуу-тренингдерди өтүү-заман талабы. Билим берүү саат сайын жаңыланып жаткан учурда мугалим да өз билимин тереңдетүүнүн үстүндө иштеши керек» деди.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова