Токтояндын тургундарынан түзүлгөн топ айыл жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү жеткирүү үчүн ар кандай терс көрүнүштөрдү сахналаштырып элге тартуулады.
ФАОнун мүчөсү, концерттин катышуучусу Абирова Роза бул концертте айылдагы көйгөйлөрдү элге жеткиргенге аракет кылышкандыгын төмөнгүчө баяндады.
“Биз буга чейин да топ-топ болуп иштеп келгенбиз. Айыл ичинде болуп жаткан көйгөйлөрдү элге жеткирүү максатында топ-топко бөлүнүп элге сахналаштырып көрсөтүп коюп бердик. Концертке бир ай ичинде даярданып, колубуздан келишинче элге жеткиргенге аракет кылдык”, — деди ФАОнун мүчөсү.
Концертке күбө болгон айыл тургуну Чынара Жекшеева концерттин өзгөчөлүгү кары-жашы дебей катышкандыгында экендигин өз сөзүндө баяндады.
«ФАО буга чейин да көптөгөн аркеттерди кылып келген. Мына эми концерт да коюшту. Бул концертте көптөгөн жакшы сценкалар, интермедиялар көрсөтүлдү. Мен ойлойм концерттин өзгөчөлүгү кары-жашы дейбей катышкандыгында”, — деген пикирин билдирди Жекшеева.
ФАОнун мүчөсү Байказаков Кадыр элдин көңүлүн көтөрүп, концерт жакшы болгондугун төмөнгүчө айтып берди.
“Биз атайын алыстан да конокко кишилерди чакырганбыз. Алар келип көрүштү. Концерт жакшы болушу үчүн болгон аракетибизди жумшадык. Ошондой эле бул концертти көрүү үчүн айыл тургундары да көп келишти. Мен ойлойм элге да жакты деп”, — дейт Байказаков.
Даярдаган: Айдана Молдакунова
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн