Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.
3-классынын окуучусу Асема Мундукова “жайкы эс алуу абдан жакшы болуп жатат. Айылда атайын чогулуп ойной турчу жайлар жок болсо да, мен күнүгө досторум менен эрикпей, түрлүү оюндарды ойноп, күнүм кызыктуу өтүп жатат” дейт.

4-классынын окуучусу Самира болсо шаардан айылга жайкы эс алууга келгенин айтат. “Бул жактан чоң энемдерге жардамдашып, бош убакытта китеп окуу менен алек болуп жатам”, — дейт Самира.

Жумадылова Жыпара жайкы каникулун кыздар менен өткөрүп жаткандыгын төмөнгүчө баяндап берди.
«Быйыл эс алып эч жакка деле чыккан жокмун. Үйдө ата-энеме жардам берип, бош болгонумда кыздар болуп чогулуп, ар түрдүү кызыктуу оюндарды ойноп, убакыт кызыктуу өтүп жатат”, — дейт ал.
Даярдаган: Чынгыз Кеңешбек уулу
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн