Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Рая Кадыркулова менен жолдошу Нурлан 9 жылдан бери эң кооз Кошой-Конуш чөлкөмүндө 4 боз үй тигип, туристтерге кызмат көрсөтүшөт.

Кадыркулова Райланын айтымында алгач туристтерди тосуу тууралуу түшүнүк жок болчу. Ошентсе да бул чөлкөмдө ишти биринчилерден болуп башташкан.

“Албетте, ар бир жумуштун өзүнүн кыйынчылыгы, түйшүгү жана ага жараша үзүрү бар. Сезон негизинен 25-майда тарта башталат. Жайлоодо 25-августка чейин туристтерди кабыл алабыз. Бир турист суткасына 1200 сом акча төлөйт. Анын ичине жатакана, 3 маал ысык тамагы кирет. Бизге көбүнчө француздар, Израилдиктер жана Ош облусунун тургундары келишет. Электр жарыгы бар. Айрым туристтер кымызды тамшанып ичишсе, айрымдары такыр эле ичишпейт. 3 ай туристтерди кабыл алуудан 150-200 миң сомго чейин каражат табабыз. Бирок, дайыма эле жакшы боло бербейт. Кээде туристтер көп келсе, кээде аз келишет. Айрым эс алуучуларга боз үй, идиш-аяк арендага берилет. Акысы 500 сом», — деди Кадыркулова.


Туристтерге кызмат көрсөтүү үчүн аларга жергиликтүү үй-бүлө жардам берет. Аларга 3 миң сомдон эмгек акы төлөп берип турат.
Даярдаган: Г. Мамытбекова