Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө жылкыларды чиптөө башталды. Чиптөө менен жылкылар мамлекеттик жалпы базага киргизилип, электрондук документке өтөт. Учурда бир жылкыны чиптөөнүн наркы 250 сомдон болууда дейт Куланак айылынын ветеринар адиси Айзада Токказиева.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
«Куланак айылында бүгүнтөн баштап жылкыларга чип басуу башталды. Биринчилерден болуп Орозкожо Кыкеевге рахмат. Ал жылкыларын алып келип, ушул жерден чиптерди бастырдык» — дейт Айзада Токказиева.
Жылкыларга чиптерди басуу мамлекеттик деңгээлдеги иш чара болуп эсептелинет. Жылкылар чиптен өтмөйүнчө базарга алып чыгып сатуу токтотулат. Уурдап кетүү, жоголуп кетүү дегенден сактайт дейт Куланак айылынын ветеринардык кызматкери Айзада Токказиева.
«Жалпы Куланак айылында статистика боюнча 4000ден ашык жылкы бар. Бирок жашыруун, каттоодо жок малдар бар болушу мүмкүн. Бүгүнкө күнгө 500 чип алып келгенбиз. Азыр жаңы баштап жатабыз. Уйлардын биркасындай бир калыпка түшүп калса жеңилдеп калат. Негизи 5 айлык кулундардан жогору басылат. Улам жаңы туулган кулундарга эле басылып турат», — дейт ветеринар.
Малдарды чиптөө бир топ жыл мурун чыккан мыйзам. Калк арасында көп маани берилбей жүргөн. Азыркы убакта мамлекет тарабынан баардык жылкыларга жазга чейин чип басылып бүтүшү керектиги тууралуу мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан мезгил.
Жылкыларын биринчилерден болуп айдап келген айыл тургуну Орозкожо Кыкеев айылдаштарын жылкыларына чип бастырууга чакырды.
«Өткөндө базарда айтып жаткан. Чип болбосо жылкылар базарга киргизилбейт, сатыкка чыкпайт деп… Ошого байланыштуу бастырдык. Биринчилерден болуп жылкыларымды айдап мен келиптирмин».
Ошол эле учурда азыр күз мезгили болгондуктан, жылкылардын семиздигине байланыштуу, жаз менен чип бастырууну каалаган мал ээлери да бар.
«Биздин үйүр асоо. Өмүрү саалган эмес. Азыр килтилдеп семиз болуп турган мезгилинде чип тургай башына укурук салдырып карматпайт. Ошондуктан жаз мезгилин күтүп, жазында чип бастыртам. Антпесек, малдын буту колу сынса ким жооп берет»,– дейт айыл тургуну Алтынбек Ипасов.
Айзат Түмөнбаева