Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылында кичи футбол тааласы ачылды. Буга чейин атайын футбол талаасы болбогондуктан, окуучулар жана спорт сүйүүчүлөр чаң жана топурак болгон талаада ойноп келишкен.
Айылдын жаштары, мугалимдер бул саамалыкка кубанычы койнуна сыйбай турган кези. Бул тууралуу айыл тургундары өз ой-пикирлери менен бөлүшүп кетишти.

Жаңы курулган футбол тааласы

Бул ишке демилге көтөрүп, долбоор жазган Кара-Саз айылынын тургуну Алымбек Мамырбаев:
«Бул долбоор ишке ашып, жай мезгилинде курулуп баштаган, жакын арада эле ачылышы болуп, машыгып башташты. Айылга кичи футбол тааласы ачылып, айыл жаштарына мүнкүнчүлүктөр түзүлдү».

Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Адилет Дүйшөнбеков
«Мурдагыдай чаң жерде ойнобой, таза жерде ойноп калдык. Өзүбүзчө класстар аралык футбол боюнча мелдеш уюштуруп,ойноп турабыз. Жакында эле мугалимдер уюштурган «Атам жана мен» атуу футбол мелдеши болуп өттү. Ал мелдеште аталарыбыз менен ойнодук».

Гулмира Шаршенова
Ошондой эле, футбол талаасынын курулганынамугалимдер да кубанычта. Мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген Гулмира Шаршенова буларга токтолду:
«Футбол талаасы ачылганы баарыбызга эле жакшы болду, анткени окуучулар дене тарбия сабагында эшикке чыгып, балдар таза жерде ойноп калышты».

Мектептин директору Акылбек Жапанов
«Мектеп үчүн абдан жакшы иш болду. Балдар таза, тыкан ойноп, спортко көңүл буруп калышты. Телефон менен эле алагды болбой, спорт менен машыгууга чоң кадам таштоого зор мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал тургай айылдын жаштары жана улгайган адамдар да футбол ойноого кызыкдар боло башташты. Окуучулар түштөн кийин келип машыгып кетишет, ал эми айыл тургундары кечки убакта келип ойношот», — деп сөзүн жыйынтыктады.
Алия Токтобекова