Кира Густенко 16 жашта. Ал Ленинское айылында жайгашкан №1 орто мектептин окуучусу. Анын кыялы келечекте архитектор-дизайнер кесибинин ээси болуу. Бул жаатта ага ата-энеси абдан чоң колдоо көрсөтүп, окуудан сырткары атайын сүрөт тартуу курстарына жөнөтүп турушат. Кира үчүн эң биринчи орунда билим алып, ата-энесине өз оюндагыдай үй салып берүүнү кыялданат.
Кира жана башка ал курактуу Ленинское айылындагы №1 орто мектептин кыздары 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата жогорку билим алууга кызыкчылыктарды арттырууга багытталган иш-чарага катышышты.
Жолугушууну “Теңдик Нуру” эл аралык демилгесинин алдындагы “Билимдүү жаштар-ийгиликтүү айыл аймак” долбоору уюштурган.
Бүгүнкү жолугушууда “Айым баштайт” долбоорунун өкүлдөрү катышуучуларга өз ишмердиги тууралуу айтып, кесип тандоо канчалык маанилүү экендигин түшүндүрүштү.
8-10-класстын кыздары үчүн бул чон мотивация болуп, спикерлерге суроолорду берип активдүү катышышты.
Долбоор 2021-жылдан бери Сокулук жана Ленинское айылдарында өткөрүлүп келет. Негизги максаты жөндөмдөрдү арттыруу жана кыялдагы кесиптин ээси болуусу үчүн стратегиялык пландоону үйрөтүү. Кененирээк долбоордун өкүлү Мунира Бекназарова жооп берди:
“Бул ишибизде негизи ГАЛС ыкмасынын “Кыялдануу жана кыялга саякат” деген эки ыкмасын колдонобуз. Алардын негизинде 500дөн ашуун окуучу менен иштедик. Мындан сырткары Бишкек шаарындагы ЖОЖдор менен келишим түзүп, эки мектептин окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу уюштурдук.”
Аталган иш-чаралардын катышуучусу, Ленинское айылындагы №1 орто мектептин 9-классынын окуучусу Айдана буга чейин кесип тандоодо ата-энеси менен келишпестиктер болгонун айтат.
Алар кызынын котормочу болуусун каалаган эмес. Бирок жогорудагы долбоор уюштурган ЖОЖдордун жолугушуусунан кийин Айдананын ата-энеси ал оюнан кайтып, колдоо көрсөтүп баштаган.
“Билимдүү жаштар-ийгиликтүү айыл аймак” долбоору мага аябай чоң мотивация берип, азыр менин кыялым дүйнө жүзүнө саякаттоо. Ал үчүн мен азыртадан аракеттенип тил курстарына барып англис тилин үйрөнүүдөмүн.”
Уюштуруучулар долбоордун жүрүшүндө балдар үчүн видео тартуу, ыр жазуу сыяктуу ар түрдүү конкурстарды өткөрүп келишет. Бул нерсе менен эрте турмуш курууну алдын алып, кесип тандоодогу кыйынчылыктарды жоюуну максат кылышат.
Зыйнат Самар кызы