Кыргыз Республикасы боюнча жашылдандыруунун 3 айлыгынын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу 1 айылында жашылдандыруу иш-чаралары өтүүлүдө.
Жашылдандыруу ишинин жарыяланышына көз карашы түз экендигин айтып айыл
тургуну Гүлзат Карыпбаева төмөнкүлөргө токтолду: «Жашылдандыруунун 3 айлыгы
жарыялангандыгын мен туура деп ойлойм. Себеби, биринчиден жашылдандыруу бул
биздин жаратылышка көп пайда алып келет, экинчиден мектептин тегереги кооз жана таза болот. Мына ушул жашылдандыруунун максатында гүл, алма, карагайлар отургузулуп жатат. Бул экологияга да пайда алып келет. Ошол себептен ар бир айыл тургуну жума сайын ишембиликтерге чыгып өз айылыбыздын тазалыгын сакташыбыз керек» дейт.
Калый Тайлаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин биология мугалими
Шыгаев Баатырбек төмөнкүлөрдү айтып берди: «Бул жашылдандыруу айлыгынын
пайдасы көп. Биз мына ушул айлыктын алкагында жума сайын ишембиликтерди
уюштуруп жатабыз. Бул ишембиликтердин бизге пайдасы айланабыз кир нерселерден
арылып өзүбүздүн ден-соолугубузга пайдасын алып келүүдө. Менин оюм боюнча мындай ишембиликтер тек гана жашылдыруунун 3 айлыгы жарыялангандыгынын натыйжасында эмес мындай деле аткарылса болмок. Бул ишембиликтердин максаты өзүбүздүн ден- соолугубузду чың кармоо болгондуктан ар бир айыл тургуну мындай ишембиликтерге чыгып туруусу абзел. Дагы мен биология мугалими катары айтып кетээрим ар бирибиз жаратылышты коргоп, айлана-чөйрөнү таза кармап, бак-дарактарды көп тигип айылыбызды көрктөндүрүшүбүз керек.»
Бул жашылдандыруу биздин айлана-чөйрөбүзгө тазалыкты жана ошондой эле ден-
соолугубузга көптөгөн пайдаларын алып келет дейт Калый Тайлаков атындагы жалпы
орто билим берүү мектебинин орус тил жана адабият мугалими Фиана Абдыбекова. «Бул ишембилик мамлекет тарабынан жарыяланган. Бул жашылдандырууда жалаң гана мамлекет кызматчылары чыксын деген буйрук келген. Ошол себептүү биз мугалимдер мамлекет кызматкерлери болгондуктан бул ишембиликтерге жума сайын чыгып жатабыз. Биз бул ишембиликтерге чыгып көчөлөрдөгү болгон таштандыларды тазалап чыгарып жатабыз. Айылыбызды тазалыка алып келебиз.Тазалык болсо биздин таза коомдо жашашыбызга шарт түзөт. Тазалык аркылуу биздин ден-соолугубузга көптөгөн пайдаларды алып келе алабыз.»
Даярдагандар: Жумагулова Кантай, Эрмек кызы Бегайым, Кадыров Актан