Калый Тайлаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде электрондук журнал орнотулду. Электрондук журнал ата-энелер үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы мааниси чоӊ болгондуктан Ысык-Көл областынын Тоӊ районуна караштуу Туура-Суу 1 айылынын Калый Тайлаков орто мектебине ишке киргизүүгө берилди.
Мектеп завучу Фиана Абдыбекова электрондук журнал жөнүндө кыскача өз оюн билдирди:
«Бул программа боюнча октябрь айында биринчи завуч менен информатик мугалимдерди окутушкан. Андан кийин жалпы коллектив мектеп мугалимдерин окутушкан соӊ, 12-ноябрдан баштап экинчи чейректе кошулганбыз.
Биз азыр үйрөнчүк болуп жатканыбызга байланыштуу жазуу журналын дагы колдонобуз. Ошондуктан ата-энелер жаӊы уюлдук телефону жок болсо, мурдагыдай эле балдарынын күндөлүктөрүнөн көрө алышат. Чейрек сайын отчёт берилет, ошол отчёттон балдарынын билим-сапаты жөнүндө маалымат ала алышат.
Бул электрондук журналдын жакшы жагы көп экен. Жогоруда айтылгандай экинчи чейректен баштап электрондук журнал колдоно баштадык, ата-энелерге бергенибизге үч жума аралыгы болуп калды. Бирок ошонун негизинде эле көп маалыматтарды жиберишип, үйгө эмне тапшырма берилди, бала кандай баа алып жатат, сабакта өзүн кандай алып жүрөт, сабакка катышкандыгы жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды электрондук журналга класс жетекчисилер жана предметтик мугалимдер жиберип жатышат. Менин оюмча бул электрондук журналдын жакшы жагы өтө көп, анткени жогоруда айтылгандай ата-эне менен мектеп тыгыз байланышта болот экен».
Кызы жөнүндө жакшы маалыматтарды алып жаткан Анар Молдалиева:
«Бул электрондук журналдын ата-энелер үчүн мааниси аябай чоӊ экен. Балдардын бааларын көрөбүз, күнүнө канча сабак алат, кайсы убакта келет сабактан кийин, бала сабакка катышып жатабы ушунун баарын электрондук журналдан көрүп турат экенбиз. Мисалы биз өзүбүз сабакка барып катышалы десек булардын жүгүртмөсүн билбейбиз. Ал эми бул журналдан биз жүгүртмөсүн көрүп каалаган сабагына барып катыша алабыз.
Азыркы учурда мен эки баламдын теӊ бааларын ушул электрондук журналдан алып турам, күндө алган бааларын, күнүмдүк үй тапшырмаларын көрүп-билип, балдарыма үй тапшырмаларын аткарууга жардам берип жатам.
Мен үчүн бул программа абдан жеӊил, мага аябай жакты. Себеби мен ушул журналдан балдарымдын окуусу боюнча маалымат алып андан тышкары мугалимдер менен тыгыз байланышта боло алам»- дейт электрондук журналдын ишке киргизилгенине ыраазы болгон ата-эне.
Даярдаган: Айназик Нурбек кызы, Ширин Талантбекова